Ушул жылдын март айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 23 млн. долларга көбөйдү.
Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылууда.
Маалыматка караганда, 31-мартка карата сырткы карыздын жалпы суммасы 4 млрд. 425 млн. долларды чапчыган. Анда тышкы карыз 3 млрд. 899 млн. доллар деп көрсөтүлсө, ички карыз 526,6 млн. долларга жетет.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына таандык, ага 1,7 млрд. доллар төлөнүшү керек. Бул тышкы карыздын 43,8%ына туура келет.