Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 73-жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чараларды даярдоодо жана белгилөө учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу камсыздалат.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
9-май күнү республиканын облустук, райондук борборлорунда, айыл башкармалыктарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. ИИОнун тиешелүү кызматтары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо кемчиликтер кетпеши үчүн ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.
Күч каражаттардын алдын ала эсебине ылайык, республиканын аймагы боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун 7 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт.
Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча жогорудагы иш-чараны өткөрүүгө Бишкек гарнизонунун ИИОнун өздүк курамынан 3 миңден ашык кызматкери тартылат.
Улуу Жеңиштин 73-жылдыгына арналган “Ала-Тоо” жана “Жеңиш” аянттарында салтанаттуу иш-чараларда жана “Өлбөс полктун” жөө жүрүш багыты боюнча 2 миңден ашык милиция кызматкери кызмат өтөйт.