"Бүгүн Жалал-Абад шаарында эгемендик жылдарындагы экинчи жолку “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, ага шаардагы менчик түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, шаар тургундары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, ар кайсы улуттук диаспоралардын жамааттары баары болуп 3 миңден ашуун киши катышышты.
“Өлбөс полк” жүрүшү бул жолкусунда шаардын чыгышынан – борбордук аянттан, батыш тарабынан – “Баел” базарынан, түндүк тарабынан – Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги жактан “Жеңиш” эс алуу багына карай болду. Шаардын борбордук аянтынан башталган жүрүшкө мекеме-ишканалардын, коомдук бирикмелердин, улуттук диаспоралардын жаматтары жүрүш жасап, аны област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баштап жүрдү. Шаардын чыгыш тарабынан башталган жүрүшкө жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, түндүк тарабынан башталган жүрүшкө спорт мектептеринин тарбиялануучулары катышышты.
Согушка катышкан, кайтпайт калган жана дайынсыз кеткен жоокерлердин сүрөттөрүн көтөрүшкөн атуулдар “Жеңиш” эс алуу багына барып, ал жерде Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюшту. Улуу Жеңишке арналган салтанаттын расмий бөлүгүн Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев алып барып, баары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Ок атуучу куралдардан залп берилди. Министри Жамшитбек Калилов, област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев, согуш ардагери Гаффан Сафин, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев катышкандардын баарын Улуу Женш майрамы менен куттукташып, жакшы каалоолорун айтышты.
Согуш ардагерлерине сый-тамак уюштурулуп, солдаттын боткосу тартылды. Ардагерлер дасторкон үстүндө согуш маалындагы оор мезгилди, курман болгон жоокерлерди эскеришти. Ал эми эс алуу багына жыйылган калың элге областтык, шаардык маданият кызматкерлеринин күчү менен кеңири программадагы концерт тартууланды.
Эскерте кетсек, Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта фронтто согушкан 7 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке эмгеги менен салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан быйыл 25-апрелден 25-майга чейин согуш ардагерлерине камордук көрүүнүн бир айлык акциясы жарыяланып, буга шаардык мекеме-ишканалар активдүү катышып жатышат.