Укук коргоо кызматтарынан билдиришкендей, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин кортежи Ош облусунда жол кырсыгына кабылган.
Маалым болгондой, кырсык кечээ кечинде Өзгөн районунун аймагында болгон.
Кортеж Жалал-Абад облусунан Ошту көздөй келатып, Өзгөн районуна жеткенде катарлаш келаткан жарандык автоунаа техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кортеждеги эки "Жипке" урунган.
Кырсыктан жабыркагандар жана каза тапкандар жок экенин укук коргоо кызматынан белгилешти.