огорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов Ноокат районундагы иш сапарынын алкагында А.Осмонов, Ломоносов, Байыш, Алтын-Казык, Н.Исанов жана Көк-Бел орто мектептерине барып, мугалимдер менен окуучуларга жолукту.

 

Алгач агартуучулар менен пикир алмашып, алардын көйгөйлөрүн укту. Бардык мектептин мугалимдери 40 жылдык эмгек стажына карабай, 3000-3500 сом өлчөмүндө гана пенсияга чыгып жаткандыктарына айтышып, эч жерде иштебегендер деле ушундай көлөмдө пенсия алып жатышканын мисал кылышты.

 

Бул маселе өтө актуалдуу экенине токтолгон депутат: “Мамлекет башчысы тарабынан коррупцияга каршы катуу күрөш башталды. Бул аракет ишке ашса, мыйзам бузуулар азаят деген ишеничим чоң. Натыйжада көптөгөн каражаттар бюджетке кайтарылып, өлкө казынасы да көбөйөт. Ошондо биз калктын аялуу катмарынын бир катар маселелерин чечип, бюджеттик мекемелерде иштегендердин да айлык маянасын көтөрө алабыз”,– деди.

 

Мындан сырткары, Алмазбек Токторов Көк-Бел айылында жайгашкан Н.Исанов атындагы эскилиги жеткен мектептин абалы менен таанышып, курулушу кечеңдеп жаткан жаңы окуу имаратын да көрүп чыкты. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Н.Исанов окуган бул мектептин жаңы имаратын курууга былтыр 5 млн. сом бөлүнгөн менен толук бүткөрүлбөй жатканын айткан мугалимдер, депутаттан тез арада бүткөрүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.