Араван районунда 5-май күнү саат 19:30 чамасында, Ноокат райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Юсупов айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы 14 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 441 даана шиферлери жана 216 м2 темир тунукелери учуп, айылдын 450 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Ошондой эле, Юсупов айыл аймагынын тургундары Муратов А. “Опел-Астра” үлгүсүндөгү жеңил унаасы жана Шарипов М. “Мерседес-Бенц-280” үлгүсүндөгү унаасы жабыркаган. Мындан сырткары, Анаров айыл аймагынын Ачы айылындагы Араван-РЭТ ишканасынын чарбалык курулушунун 80 м2 темир тунукелерин жана Араван айылындагы 4 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 90 даана шиферлерин жана 40 м2 темир тунукелерин учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
ӨКМнын маалыматына караганда, жалпы район боюнча 18 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 531 даана шиферлерин, 256м2 темир тунукелерин жана 1 социалдык объектин 80 м2 темир тунукесин учурган.
7-май күнү электр энергия берүү жана чүмбөтөө кызматы тарабынан 450 метр электр линиясы тартылып электр энергиясы берилген.
Жергиликтүү тургундар тарабынан базардан 434 даана шифер алынып Х.Абдуллаев жана Жооми көчөлөрүндөгү шамалдан зыян тарткан 13 турак үйдүн чатырлары жабылган. Калган турак уйлөрдү калыбына келтирүү иштери 8-май күнү улантылат.