Бишкек, “Саясат.kg”. “Революция токтотулат!” тасмасы 2016-жылы тартылып бүтүп, жалпы элдин назарына алып чыгууга тыюу салынган. 

 

КР Президенти С.Ш.Жээнбековго,

КР Премьер-министри  М.Д.Абылгазиевге,

КР Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабековго

 

Сценарийинин автору жана продюсери катары биз тарттырган “Президент жана бомж” (2012-жыл), “Президент жана бомж-2” (2013), “Москва сүйүүсү” (2014) теле жана интернет каналдардан улам кайталанып көрсөтүлүп, эл кеңири талаптаган тасмаларга айланганына кубанычтабыз. Былтыр чыккан “Миллионердин сүйүүсү” (2017) кинобузду интернеттин бир эле каналынан (Ютуб, “Соло”) бир жарым айда бир жарым миллион адам көргөндүгү, телеканалдардан кайра-кайра кайталанып жаткандыгы бул жаңы тасмабыздын да популярдуулукка жетише алгандыгынын көрүнүшү.

           

Ал эми 2016-жылдын аягында тартылып бүткөн “Революция токтотулат” (“Революция отменяется”) аттуу көркөм тасмабыз мурдагы бийлик тарабынан тыюу салынып, токтотулуп турат.

           

Тасмада өлкөбүздүн мыйзамдарына каршы келген ойлор, чакырыктар жок. Болгону эки революциядан кийин деле коррупция токтобой, адилеттик орнобой жаткандыгы сынга алынган. Бул жагдай азыркы учурда Кыргызстанда сиздер жүргүзүп жаткан саясатка үндөшөт. Ошондой эле мыйзамсыз революциялардын адамдарга, коомго жат экендиги чагылдырылат. 

 

Урматтуу мамлекет, өкмөт жана парламент жетекчилери!

 

Элдин талабына ылайык өзүңүздөр көтөргөн адилеттик, мыйзамдуулук жана демократия шартына ылайык 93 минуталык “Революция токтотулат” көркөм тасмабызды көрүп чыгып, элге тартуулоого уруксат берүүңүздөрдү суранаар элек. Тасма мамлекетке, коомго эч кандай зыян алып келбей, тескерисинче, элибиздин маданий жана рухий байлыгын арттырууга кызмат кылаарына бекем ишенимдебиз.

 

Трейлерге ссылка: https://media.super.kg/media/commercial/171_1525340737.mp4

 

Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ, кинопродюсер