Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги Швейцария жана Орусия соода палатасы уюштурган бирлегешкен жыйынга активдүү катышты.

Бишкек, "Саясат. kg".  Памирлик кыргыздар менен жолугушуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын № 87 кесиптик лицейдин алар үчүн атайын иштелип чыккан программасы боюнча окутулган бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи менен башталды.

Бишкек, "Саясат. kg". Мелис Аспеков Молдовановка айылындагы №31 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 

Казакстан Конституциялык кеңеши Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугун берген мыйзам долбоорун Конституцияга шайкеш келет деп тапты. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин расмий сайтында кабарланды.

Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев.  Белорусиянын башкааласындагы эл көп чер жазган сейил бакка Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Мындай маалыматты Кыргызстандын Минск шаарындагы элчилиги дагы ырастады. 

Өзбекстанда буудай тапшыруу боюнча план аткара албай калган Кашкадарыя облусунун Каршин районунун фермерлери райондук милициянын башчысы тарабынан катуу сабалды.

Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. Орусиянын башкалаасындагы Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинде Кыргыз жана Тажик республикаларынын тышкы иштер министрликтеринин консулдук кеңешмеси өз ишин аяктады. Иш-чаранын жүрүшүндө консулдук чөйрөсүндөгү өтө көйгөйлүү маселелер орой-чарай талкууланды.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде жолуга турганын "Рейтер" агенттиги Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.

Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек, "Саясат. kg". Экс-депутат "кош жарандуулугу бар" деген кеби үчүн доого жыгылганы калды. 

 

Бишкек, "Саясат. kg". Бишкек шаардык соту тарабынан депутат Канат Исаевдин кылмыш иши токтотулду. 

Бишкек, "Саясат. kg". Бүгүнкү биздин максат - ала кийиз менен шырдакты эми ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине киргизүү болуп саналат.

Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. Кызыл-Кыя шаарында жайланышкан «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун («ЮКЦ» ЖАК) ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык  мындан ары деле мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук акимчилигинин ортосунда 50 пайыздык үлүштө тепетең бөлүштүрүлөт.

Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. Ош облусунда ушул тапта 153 социалдык мекеме курулуп жатат. Булардын 62си мектеп. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев билдирди.

Орусия Жогорку соту убактылуу башпаанек ала албай жаткан он Сирия жаранынын арызын кароодон баш тартты.

РИА Новости агенттиги Орусиянын “РусГидро” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаага сотуна кайрылууга даярданып жатканын жазды. Компания бул тууралуу Кыргызстанды кабардар кылганы да айтылат.

Өзбекстандын ИИМ кызматкерлери кылмыш дүйнөсүндө «Шахрат Домбрабадский» деген ат менен белгилүү 61 жаштагы криминал төбөлү Шахратилла Носировду Ташкенттеги үйүнөн кармап кетишти.

Бишкек, "Саясат. kg".  Байлар менен чиновниктерибиз бизнесинен, чоң кызматта иштегенде жеп-ичкен коррупциялык акчаларын кайда катарын билбей, А. Шадиевге окшогон эпчилдери каналды кечип, океандын ары жагына жылт койгондо, карапайым калк өлкөнүн сырткы карызын кантип төлөйбүз деп сар санаага батууда.

Бишкек, "Саясат. kg". Полковник Арман Насипкулов деген зөөкүр өткөн дем алыш күндөрү мурда Ак үйдө иштеген, коомдук активист Жамиля Насирова деген энесиндей аялды топтой тепкилеп, асфальтка жаткыра чаап, башын, тизесин жара чапкандыгы фото, видеосу менен соцтармактарга жарыяланды.

Бишкек, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов акыркы мезгилде гипертония илдетине 25-30 жаштагылар дагы байма-бай чалдыгып жатышкандыгын жар салып, абдан тызылдады.