Кызыл-Кыя шаарында жайланышкан «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун («ЮКЦ» ЖАК) ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык  мындан ары деле мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук акимчилигинин ортосунда 50 пайыздык үлүштө тепетең бөлүштүрүлөт.  Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнөн билдиришти.

 

1999-жылдын 13-октябрында негизделгенден бери Кызыл-Кыя шаары Баткен облусунун курамына кирген. Буга улай Кызыл-Кыя шаарынын административдик чеги ушул кезге дейре так аныкталып, биротоло бекитилген эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 24-апрелиндеги чечими аркылуу «ЮКЦ» ЖАК цемент  өндүрүүсү үчүн каралган жер тилкеси Ноокат районунун аймагы катары таанылган. Ошол себептүү Экономика министрлиги менен Каржы министрилги, Баткен облусу жана Ноокат райондук акимчилиги ортосундагы салыктарды бөлүштүрүү мурдагыдай эле шарттарда, 50 пайыздык үлүштө жүргүзүү боюнча 2012-жылдын 12-мартындагы биргелешкен чечимдерди токушкан. Ошентип, «Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАК жетекчилиги менен макулдашууга ылайык   салыкты төлөөнү катталган орду боюнча жана салыктык катталган орду боюнча пропорциялык катышты сактоо аркылуу жүргүзүү чечилген. Бул туурасында салык кызматынын Ноокат райондук жана Кызыл-Кыя шаардык бөлүмдөрүнө дагы маалымдалган.

 

Айтмакчы, үсүтүбзөгү жылдын 21-июнунда  Жогорку Кеңеш депутаты Карамат Орозова Жогорку Кеңештин жыйынында  «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү толук бойдон Ош облусунун жергиликтүү бюджетине гана жумшалып жаткандыгын айтып, нааразычылык билдирген.