Байлар менен чиновниктерибиз бизнесинен, чоң кызматта иштегенде жеп-ичкен коррупциялык акчаларын кайда катарын билбей, А. Шадиевге окшогон эпчилдери каналды кечип, океандын ары жагына жылт койгондо, карапайым калк өлкөнүн сырткы карызын кантип төлөйбүз деп сар санаага батууда. Чындап эле дагы беш жылдан кийин төлөй башташыбыз керек болгон Кытайдан алган 4 миллиардга жакын карызыбыздан убагында кутулбасак, жерибизди тарттырып коюшубуз да мүмкүн. Анткени Кытай аймагы чектешпеген Африка өлкөлөрүнүн портун, жерин алып койгон практика бар. Болгондо да байлыгы ашып-ташкан, экономикасы АКШдан да ашып бараткан Кытайды жерден башка эч нерсе кызыктырбайт. Бирок биздин өлкөнүн экономикасы күндөн күнгө кургуйга кулап, өкмөт сырткы эмес, ички карызды төлөй албай башы катып отурат. Ушундай опурталдуу учурда ЖК депутаты К. Жолдошбаев алгач сырткы карызды төлөө фондуна алгач 1 млн. сом которорун жар салып, кийин бул сумманы он эсе көтөрө тургандыгын кошумчалады. Ооба, коомчулукта бул оргу-баргы сүйлөгөн, “уялчаак” деген ылакап атка конгон эл өкүлү тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келүүдө. Тээ А. Акаевдин “прихватташтыруу” доорунда Кара-Кече кенин менчиктештирип алып, “Көмүр королу” болгон. Андан тышкары Бишкектеги күндө күмүш, айда алтын тууп турган “Беш сары” базары, кафе, ресторандары бар. Жакында соцтармакка 57 бөлмөлүү хансарайынын видеосу жарыяланып, үйсүз томаяктардын ичин күйгүзгөн. Ошого карабай сырткы карызды төлөөгө алгач топ баштаган берешендиги мурда-кийин кетирген осол жоругу менен жүргөн-турганын жууп кетирип, эл тарабынан оң образ катары кабыл алынууда. Каап, башка байларыбыз эмнегедир Камчыкенин демилгесин колдобой аткандыгы өкүнүчтүү...