ЖАМК (Жаза аткаруу боюнча Мамлекеттик кызматы) абактагы кол салуу боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, Молдовановка айылындагы №31 абакта 28-июнда түнкү саат 22:30дар чамасында жарандык активист Мелис Аспеков жаткан камерага соттолуучулардын бирөө кирип келип, аны сабап таштаган. Кол көтөрүү Аспековдун жанында жаткан кишиге да тийип, экөө тең жеңил жараат алышкан.
ЖАМКдан билдиришкендей, аталган абактын жетекчилиги жарандык активистке соттолуучулардын бири себепсиз эле кол көтөргөнүн маалымдаган. Эмне себептен бул иш болгону азырынча белгилүү эмес. Окуя болоору менен жетекчилик аны териштирүүгө ала баштаган, учурда да уланууда. Кол салган адам жазасын алаары белгиленген.
Эске салсак, Мелис Аспеков 2017-жылдын октябрында "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталып, камакка алынган.