Врач-эксперт Екатерина Демьяновскаянын айтымында, ашыкча салмактан арылуу үчүн аквааэробиканы тандоого болот.
“Ашыкча салмак менен күрөшүүнү баштоодо бир топ этият болуу керек. Салмагы чоң адам оор физикалык жүккө даяр эмес болгондуктан, ал муундардын сокку алуусуна алып келип, жүрөктүн иштешине терс таасирин тийгизиши, дем алууну кыйындатышы мүмкүн. Сууда сүзүү – арыктоонун эң коопсуз ыкмасы болуп саналат. Жашоо образын тамактанууну жакшыртуу аркылуу өзгөртүү жана физикалык активдүүлүктү көбөйтүү – салмак таштоонун негизи. Аэробдук жүк, башкача айтканда, тынч, ыргактуу кыймыл пайдалуу. Ага аквааэробиканы жана сууда сүзүүнү кошсо болот. Бул калорияларды күйгүзүүнүн эң бир коопсуз ыкмасы”, - деген адис.