Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов акыркы мезгилде гипертония илдетине 25-30 жаштагылар дагы байма-бай чалдыгып жатышкандыгын жар салып, абдан тызылдады.
- Жашырып не. Акыркы мезгилде Ош облусунун аймагында жүрөк-кан тамыр дартынан каза тапкандардын саны улам эле өсүп баратат. Ошондуктан, бул дарттардын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка ЭтноКомплексинде “Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" аталыштагы чоң акция өткөрүлдү. Бул иш-чара саламаттыкты сактоо министрлигинин жүрөк ооруларына каршы күрөшүү боюнча жарыяланган бир айлык акциясынын алкагында гана уюштурулду. Анда облустук оорукананын Кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери бул илдеттин алдын алуу боюнча жарандарга акысыз кеп-кеңештерди беришти. Жарандардын боюнун узундугу, салмагы жана кан басымы дагы абдан дыкаат текшерилди. Мындан тышкары акциянын катышуучуларына сергек жашоо образы жөнүндөгү маалыматтар берилип, буклеттер таратылды, — деди Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов.
Ош жергесиндеги белгилүү доктор Сабыр Байматов ушул тапта гипертония илдетине акыркы тапта 25-30 жаштагылар дагы чалдыгып жаткандыгын кошумчалап, катуу коңгуроо какты.