Ош облусунда ушул тапта 153 социалдык мекеме курулуп жатат. Булардын 62си мектеп. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев билдирди.

 

- Ушугезде Ош облусунун аймагында 62 мектептин, 28 спорт комплексинин, 10 бала бакчанын, 12 оорукананын жана калкты таза суу менен камсыз кыла турган 17 обьектинин курулушу абдан кызуу жүрүп жатат,-деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев.

Айтмакчы, аталган курулуштардын дээрлик бардыгы жылдын акырына дейре пайдаланууга тапшырылат.