Белорусиянын башкааласындагы эл көп чер жазган сейил бакка Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Мындай маалыматты Кыргызстандын Минск шаарындагы элчилиги дагы ырастады. 

           

Маалыматка караганда, Минск шаарындагы бул сейил бактын аянты 19,6 гектар. Ал  Белорусиянын башкааласынын картасына дагы киргизилди. Ал эми болочокто бул аянтка атайын белги, же атактуу жазуучунун эстелигин орнотуу маселеси дагы каралууда.

 

Буга дейре Кыргызыдын залкар калемгеринин 90 жылдыгын кең-кесири белгилөө жаатында Өзбекстанда жана Түркияда дагы олуттуу чечимдер кабыл алынган. Ал эми Казак Республикасынын Алма-Ата шаарындагы бир көчөгө атактуу жазуучунун ысымы эбак эле ыйгарылган.