Көбү убакыттын өтүшү менен тиштери күңүрт тартып, а ооздон дайыма жууп турганга карабай жыт чыга баштаганын байкашат. Аны көбүнчө кофеге, жаш куракка же “ушундай болушу керек окшойт” дегенге шылташат. Бирок тиштин түсү жана ооздогу жыт – бул организм берип жаткан белги.
Стоматолог-хирург, медицина илимдеринин кандидаты Кирилл Поляковдун айтымында, тиштин түсүнүн өзгөрүшүнүн бир нече себептери бар. Анын ичинде эң зыянсызы – бул тамеки тартуудан, кофе, чай жана вино ичүүдөн келип чыккандар. Бул эстетикалык маселе жана аны профессионалдык тазалоо же агартуу менен оңой чечсе болот.
А бирок эгерде түс бир кылка эмес же тез арада өзгөрсө, анда кооптонуу керек. Мисалы, башка тиштер өзгөрбөй туруп, арасынан бирөө эле күңүрт тартса, бул анын ичинде олуттуу көйгөй – нервдин сезгениши же кандайдыр бир травманын кесепети жатканын билдирет. Мындай учурда агартуу натыйжа бербейт.
“Тилдеги катмар – өзүнчө нерсе. Эгер ал калың тартып, сары же күрөң түстө болсо, анда бул жөн гана эстетика эмес. Бул бактериялардын жыйындысы, тиш этинин сезгенишин жана жагымсыз жытты жаратат”, - дейт адис.