Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Э.Сатыбалдиев: "Ачыгын айтсам, мен түз күнөөм болбосо да, “моралдык жоопкерчилигимди сезейин, үлгү болуп берейин”- деп Апрель окуясы боюнча тергөөгө барып, сотко барып, соттолдум"

Жашы жете элек кызды эки жума сойкуканада кармап, эркектерди тейлегенге мажбурлап келишкен. Өспүрүм кызды коркутушуп, 18 жашта экенин айтууга мажбур кылдырышкан. Баш ийбей койгондо, кызды ур-токмокко алышып, зордуктай беришкен.

Ушинтип “Ата Мекендин” лидери 23-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналисттердин суроосуна жооп узатты.

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт чек ара маселесин жабык кароону сунуштады. Бул сунуш добуш берүүгө коюлду. Жыйынтыгында "макул" деп 99 депутат добуш берди.

Кыргызстан өткөн жылы 30 балл алган. Бул көрсөткүч мамлекетти алты сапка алдыга жылдырды. Ал эми коңшу мамлекет Казакстан коррупция менен күрөшүүдө чоң секирик жасаган.

 

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланды. Анда күбөлөр суралмак.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматын тапшырууга ар бир кыргызстандык милдеттүү. Мэрия төрт пункт ачты.

2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз өлкөсүнүн бардык май куюучу станциялары мунайзатты берүүнү эсепке алуу электрондук системге өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев маалымат жыйынында билдирди.

Жарандык активист Самат Алиев жана журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берди.

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов Макгрегор-Серроне беттеши боюнча комментарий берип, беттеш эмес эле муляж болуп калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков быйыл Россия, Япония жана Евро Биримдиктин институттарына барат. Бул тууралуу маалымат жыйынында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт.

Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев 20-январдан бери өлкөнүн түштүк аймагында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлайт.