Азыр дарыяда суу абдан көп болуп жаткандыктан, издөө иштери бир аз жайлады. Суунун деңгээли түшөрү менен издөө кайрадан активдүү фазага өтөт.
Эске салсак, 23-июнда Чоң-Токой айылынын 15 жаштагы тургуну Баэл Тимур уулу Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар аны күн сайын издеп келишет.
Булак: Sputnik Кыргызстан