КР Энергетика министрлиги ички рыноктогу күйүүчү-майлоочу (КММ) материалдардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, өлкө калкын жана экономиканын бардык тармактарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтууда.
Министрлик билдиргендей, учурда өлкө боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запастары түзүлгөн.
“Өлкөгө КММ жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө кармалууда. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.
КР Министрлер Кабинети жана Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокту туруктуу күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүүдө. Бул максатта Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына иш сапар менен барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, технологиялык процесстери жана продукциянын сапаты менен таанышышты.
Иш сапарлардын жүрүшүндө КР Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ошондой эле КР Энергетика министри Алтынбек Рысбеков да аталган ишканаларга барып, жеринде өндүрүш процесси менен таанышышты. Иш сапарлардын жыйынтыгында ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу максатында өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, технологиялык процесстерди оптималдаштыруу жана ишканалардын ишин жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
“Мындан тышкары, ички рыноктогу баа кырдаалы тынымсыз көзөмөлдөнүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, нефтетрейдерлер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, жеткирүү, бааларды коюу, логистика жана товардык запастарды калыптандыруу маселелерин кароодо жана рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө”,- деп баса белгиленеген КР Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө.