Анын айтымында, ошондой эле мамлекет башчысынын көп форматтагы жыйынга катышуусу күтүлүүдө.
ТИМ башчысы билдиргендей, кандай гана визит болбосун анын негизин - визиттин мазмуну түзөт. Министр экономикалык дипломатияга жана экологиялык дипломатияны алдыга жылдырууга чоң көңүл бурула тургандыгын кошумчалады.
Андан тышкары, Айдарбеков маалымдагандай, Борбор Азия мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.
Министр кошумчалагандай, күз айларында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга келип, парктын жана мектептин ачылышына катышат.
Булак: Кабар