Иш сапарынын алкагында Дүйшөнбиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, жергиликтүү администрация жетекчилери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана күч түзүмдөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Башкы штабдын башчысы аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн күч түзүмдөрүнө жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп өттү. Ошондой эле КРнын Куралдуу күчтөрүнүн уставдарын жаны мыйзамын сактоого чакырды.

Булак: Кабар