Transparency International эл аралык антикоррупциялык уюмдун жыл сайын түзгөн рейтингине караганда, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн көрсөткүчүн кыйла жакшырта алды.
Тизме 1995-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү көз карандысыз уюмдар аркылуу түзүлүп келет. Алар өлкөдөгү эксперттерди жана ишкерлерди сурамжылоого алышат. Мамлекеттер 0дөн 100 баллдык шкала менен бааланат. Өлкө канчалык көп упай алса, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн экенинен кабар берет.
Өткөн жылы Кыргызстан 30 балл алган. Бул көрсөткүч мамлекетти алты сапка алдыга жылдырып, натыйжада өлкө 126-орунду ээледи. Ушул эле позицияга Украина менен Азербайжан илинген.
Ал эми коңшу Казакстан 124-орундан 113-сапка жылып (34 балл), чоң секирик жасады. Тажикстан менен Өзбекстан 25 баллдан алып 153-орунга илинди. Түркмөнстан, тескерисинче, 161-орундан 165-сапка артка (19 балл) жылган.
Антикоррупциялык рейтингдин сап башында Жаңы Зеландия, Дания жана Финляндия болсо, акыркы орундарга Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемен жайгашты.
sputnik.kg