Ээликме демократия

15-январда 100гө жакын адамдар Ала-Тоо аянтынын Ак үйгө жакын жерине уруксатсыз митинг өткөрүшүп, анда Өкмөттүн күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министри Ж.Разаковду отставка кетирип, анын ордуна ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду дайындоону талап кылышты.

Баткен облусунун айрым тургундары чек арадагы жаңжалдардан жүдөп, кыйналып бүтүшүп,  жандары кашайгандан улам жол тосуп, митингдерге чыгып жатышкандыгы чындык. Ал жөнүндө сөз жок. Бирок, Ак үйдүн алдына чыккандардын айрымдарынын Разаковдун ордуна азыр Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иши козголуп, сурак берип жаткан Курсан Асановду коюу жөнүндө талаптары бир чети таң калтырса, экинчи жагынан шектендирип, сактандырды. Анын инсандык, кесипкөйлүк сапаттары жөнүндө жаман ойдон алыспыз. Анын кайраттуу генералдардан экендигинде шек жок. Бирок, эмне үчүн кылмыш иши бир жагына чечиле элек К.Асанов күч түзүмдөрүн жетектеген вице-премьер-министр болушу керек? Ал соттон акталып чыкса да бир жөн эле. Оор берене менен айыпталып жаткан адам жөнүндө андай сунуш айтуудан мурда аң сезимдүү, укуктук жактан аздыр-көптүр кабары бар адам бир эмес, он ирет ойлонушу керек. Анын артында кимдир бирөөлөр уюштурган, чек арадагы маселелерден таптакыр башка нерселерди көздөгөн жекече кызыкчылыктар же жөн эле тутанган нерсеге бензин чачкысы келген кутумдуктар жокпу?

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 970 километр болсо, учурга карата анын 519 километри гана демаркацияланып, делимитацияланды. Ал эми калган бөлүгү боюнча жылда бир нече жолудан сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн менен эки талапты тең ыраазы кылгыдай мунаса табылбай, улам кийинкиге калтырылып келатат. Сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырган менен бирок, ал  аймактардагы жол, суу, жайытка, айдоо аңыздар түгүл тамаркаларга байланышкан кайчы көз караштарды, пикир келишпестиктерди, талаштарды кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес. Ошондон улам жылдан жылга жол, жер талашкан жаңжалдар көбөйүп, тилекке каршы, айрымдары адамдардын өмүрлөрүнө, ден-соолуктарына залал келтирген кагылышууларга айланып бара жатат. Бул маселе 2010-жылга чейин анча сезилбесе, байкалбаса, андан бери Тажикстанга чектеш жерлердеги жаңжалдар, чек арачылар да  катышкан кагылышуулар перманенттүү мүнөзгө өттү. 2010-жылдан бери Баткен облусунун аймагында эле 130га жакын жаңжалдар катталды. Же жыл сайын чек аралардан орто эсеп менен 12-13 жаңжал чыгып, алардын айрымдары адамдарды набытка учуратып, жарадар да кылуусу көндүм көрүнүшкө айланып калды.

Чек ара – бул өтө кылдаттык менен мамиле жасай турган маселе. Мыйзамдык, дипломатиялык нукта сүйлөшүү, макулдашуу  жолдору менен чечилиши абзел. Саясаттын, ар кандай акциялардын темасы болбошу зарыл. Бирок  тилекке каршы, кылымдардан бери катарлаш жашап келаткан эки элдин ортосундагы мындай трагедиялык көрүнүштөрдү айрымдардын саясатка айландырып, митингдерди уюштуруп, анда мыйзамдуулукка ылайык келбеген талаптарды коюп жатышкандары туура эмес. “Шибегени капка ката албайсың” дейт, анын сыңарындай 15-январда өткөрүлгөн митингдин артында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча мурдагы өкүлү Курбанбай Искандаров тургандыгы күбүр-шыбыр болуп айтыла баштады. Ал күбүр-шыбырлардын канчалык деңгээлде реалдуулукка ылайык келе тургандыгы жөнүндө айта албайбыз, бирок  Кыргызстан кичинекей өлкө, кимдин эмне кылып жаткандыгы дароо эле билинип калат, анан “шамал жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт”- деген да сөз бар. Анын сыңарындай тийиштүү кызматтарда андай маалыматтар бардыгынан улам “сливание” дегени болуп, коомчулукта ошондой күбүр-шыбырлар жаралгандыр деп ойлоого да болот. Бирок, шыбырлар кай жактан чыкпасын, алар ким болбосун элдин көйгөйлөрүн саясатташтырып, айрымдардын жекече кызыкчылыктарына пайдаланууга аракеттенгендери туура эмес. Эгерде ошончолук эле саясатчы болгулары келишсе, башка шылтоо болорлук нерселер деле жетишет. Бирок, Франциянын мурдагы президенти Франсуа Миттеран айткандай, чек аралардагы маселелерди саясатташтыруу - бул согушка бет алганга барабар. Эгерде пикеттердин, митингдердин кысымынан улам, сүйлөшүүчүлөр шашылышып, бир маселени байкабай, биздин кызыкчылыктарыбызга толук ылайык келбей турган документке кол коюп салышса эмне болот? Ал үчүн ким жооп берет?  Митингдерге чыккандарбы же алардын артында тургандарбы?

Баткендеги чек ара маселеси – Көкөтөйдүн ашындагыдай бүтпөгөн чырга айланды. Бирок, аны чечсе болот. Дэн Сяопин айткандай, эгерде бир маселе эскиче мамиле аркылуу чечилбесе, анын жаңы жолдорун издөө керек. Тынбай издесе сөзсүз бир жолу табылат. Анан саясый күчтүү эрк болушу зарыл. Биздин оюбузча, чек аралардагы от тутанып турган жерлердин  маселеси чечилмейинче, Ж.Раззаков баштаган тийиштүү жетекчи адистерди жөн эле Бишкекке келгенге уруксат бербөө керек. Алар бул жерде штандарын отургучтарга өйкөгүлөп жыртып, кагаздарга кол коюп, багылган өгүздөрдөй кабинеттерге ынтыга кирип-чыгып жүргөндөн көрө жеринде тажиктер менен жумалап сүйлөшүшсүн, айлап чек арадагылар менен бирге жатып, бирге чай ичишсин, бирок алардын, жалпы мамлекеттин көйгөйлөрүн  чечишмейинче келишпесин. Бул жактагы иштеринен ал жактагы милдеттер жүз эсе маанилүү болуп турганда, алардын Ак, Көк үйлөрдүн ортолорунда жүргөндөрүнүн эч кимге кереги жок. Убактылуу аларсыз деле башкаруу, уюштуруу иштери жүрө берет.

 Маселени  кабыргасынан ушундай катуу койгондо гана чек ара маселесинде тезирээк жылыш болуп, нааразылыктарын билдиргилери, аларды өз кызыкчылыктарына пайдалангысы келгендер өзүнөн өзү жок болуп,  биротоло чекит коюлат.

Арина Рысбаева

Булак: Майдан.kg” гезити