Арабөк абал

Өлкөбүздүн көз карандысыздыкка жетишкендигине удаалаш жаралган - Кыргызстан социал демократтар партиясы (КСДП) саясый, уюштуруу жагынан эң оор абалда. Өткөн жылы партия экиге бөлүнүп кетти, азырынча кимиси легитимдүү экендиги да белгисиз. Анысы аз келгенсип партиянын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаев, бир нече активдүү мүчөлөрү эң оор айыптар  менен камалышты. Алардын кылмыштуу иштери сөзсүз белгилүү деңгээлде жалпы партияны жаманатты кылды, аброюна аябагандай чоң сокку болду.

Эгерде КСДП парламенттик шайлоолорго ушул акыбалда барса, босоголук чектен өтүшү аябагандай чоң проблемага айланат. Бирок, шайлоого баруу үчүн да кайсыл КСДП мыйзамдуу экендиги, кимиси мурдагы бирдиктүү партияга мураскор боло ала тургандыгы  аныкталышы керек. Боршайком эки КСДПны тең шайлоого катыштырбай тургандыгы айдан ачык.

Партиянын мындай абалына ичтеги айрым мүчөлөрүнүн гана эмес, сырттагы социал демократиялык идеяларды колдогондордун да жандары кайышып жаткандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Социал-демократиялык партиялар дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Мына ошолордун башын же дүйнөдөгү 156 социал-демократиялык партияны бириктирип турган Социнтерндин Башкы катчысы Луи Айал Кыргызстанга келип,  КСДПнын абалы менен таанышып кетти.

Аны аэропорттон Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДПнын мүчөсү Аида Касымалиева тосуп алса, эң биринчи партиянын эң эски мүчөлөрүнөн болуп келип, мамлекеттик ишке өткөндөн кийин мүчөлүгүн токтоткон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Андан кийин Луи мырза Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, экс-президент, партиянын мүчөсү Роза Отунбаева, №2-КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов менен жолугушуу өткөрдү. Үчүнчү күнү “Апрель” телеканалынын өкүлдөрүнө жолугуп, алар менен “Форумга”, А.Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайына чейин барып, КСДПнын мурдагы лидери “Альфачылардан” кантип коргонгондугу жөнүндө баяндарды да укту. Мурдагы президенттин 2 гектардан ашык жерге заңгыратып салган хан сарайын да көрдү. Луи Айала “Хаятт” мейманканасынан чыгып кетээрде мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев барып жолугуп, Кой-Таштагы, андан кийинки окуялар боюнча өз көз карашын айтты. Бир сөз менен айтканда, Социнтерндин Башкы катчысы өзү каалагандардын, ага жолуккусу келгендердин бардыгы менен жолугуп, пикирлерин укту, көз караштары менен таанышты.

Ачыгын айталы, Луи мырзага өзүн кызыктыргандар менен жолукканга, каалаган жагына барганга ал каалагандай шарттардын түзүлүп берилгендиги эң эле туура болду. Албетте, ал тийиштүү маалыматтарды жетиштүү көлөмдө мурда эле алып, кеңешчи, жардамчылары менен алдын ала бир пикирге келбей койгон эмес. Бирок, жеринде аларды тийиштүү адамдар менен бирге дагы бир жолу сыдыргысынан өткөрүп, Кыргызстандагы КСДПнын абалы боюнча Социнтерндин бирдиктүү расмий позициясын аныктоо үчүн келгендиги шексиз.

Луи Айалдын Башкы катчы катарындагы пикири, көз карашы, биздин оюбузча, Башкы прокуратуранын позициясынан кескин деле айырмаланбайт. Анткени, Батыштагы тажрыйбалуу саясатчылар кандай саясый багытты жакташпасын, кимге кандай симпатия антипатиялары болбосун, алар баарынан мыйзамдуулукту, укук тартибине баш ийгенди жогору коюшары белгилүү. Анын АШАга жолугууга аракет кылмак түгүл, акыбалын да сурап койбогондугу эле социал демократиялык дүйнө, идеология  үчүн АША тергөөчүлөрдүн чакырыктарына баш ийбей, бункеринде “Альфачыларга” каршы ок чыгарганда эле саясый жактан  биротоло өлгөндүгүн, анын кийинки тагдыры Социнтернди кызыктырбай калгандыгын айгинелеп турат. Чындыгында цивилдүү өлкөлөрдө бирөөлөрдү аткылап өлтүрүп, жарадар кылмак түгүл, тергөөчү чакырганда себепсиз өз убагында барбай койгон саясатчы деле коомчулук үчүн бокочодой көрүнүп, колдоочуларынан ажырап калышат.

Луи Айала Кадыр Атамбаев менен жолугушканда анын партия атадан балага мурас катарында берилбей тургандыгын айтканы – партияны жеке менчик катарында эсептөөгө болбой тургандыгын, АШАнын үй бүлө мүчөлөрүнө партиянын ички иштерине кийлигишпөө жөнүндө эскерткени катарында кабылдоо керек. Чындыгында азыр айрым лидерлердин өздөрү негиздеген партияларга менчигиндей мамиле жасашары эч кимге жашыруун эмес. АША болсо КСДПны “Форумундай” эсептеп, кадам сайын анын Уставдык талаптарын буза берчү. Анын айынан КСДПны экиге бөлүп тынды. Эгерде андай мамиле өзгөрбөсө, партия бир күнү лидери эмне болсо, ошого окшошору турган иш. Партияны менчиктеп алгыдай  ал имарат же мүлк эмес, ал өз алдынча пикирлери, көз караштары бар  миңдеген адамдар. Лидер менен көз караштары шайкеш келишпей калса, партиядан чыгып, башка саясый уюмдарга өтүп кете беришет.

Ошентип, Социнтерндин Баш катчысы КСДПнын абалынан кабар алып, жолуккандарына кеп-кеңештерин айтып кетти. Бирок, ал эмнелерди айтпасын, КСДПнын тагдырын чече тургандар - анын активдүү мүчөлөрү. Учурда алар АШАдан, анын айланасындагылардан алысташып, жаңыча таза КСДПны түзүүгө аракеттенип жатышкандарына күбө болуп атабыз.

А.Белеков

Булак: Майдан.kg” гезити

Тема: