Э.Сатыбалдиев: "Ачыгын айтсам, мен түз күнөөм болбосо да, “моралдык жоопкерчилигимди сезейин, үлгү болуп берейин”- деп Апрель окуясы боюнча тергөөгө барып, сотко барып, соттолдум"

“Майдан.kg” гезити тарабынан 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Элмурза Сатыбалдиевге “Жылдын мыкты мекенчил инсаны” наамы ыйгарылган болчу. Биринчи кезекте бул наам – өзү жетектеген Кыргызстан волейбол федерациясынын ийгиликтери, эл ичиндеги кайрымдуулук иштери, ошондой эле тайманбаган курч позициясы үчүн ыйгарылды. Бүгүн ошол наам ээсин маек-төргө чакырдык...

- Элмурза Ракиевич, 2019-жыл кыргыз эли үчүн кандай жылдардан болду? Ошол эле учурда өткөн жылдагы кыргыз бийлигинин иш-аракетине кандай баа бересиз?

-  2019-жылды “жаман жыл болду”,- деп айта албайм. Анткени, эч качан жыл жаман болбойт. Биринчи кезекте өткөн жылы коомдогу же дүйнө жүзүндөгү өзгөрүүлөр биздин  мамлекетке кандай таасирин тийгизди, ошону эске алышыбыз керек.

Өзүңөр билесиңер, 2010-жылдан бери саясаттан четтегем. Волейболчулар КР Волейбол федерациясынын башчысы кылып алышкан. 10 жылдан бери канчалаган инсандар саясаттын тегирменине кирип, талкаланып чыгып жатышса, мен спорттун бир түрүн көтөрүү менен алек болдум. 2019-жыл спорт тармагында абдан жетишкендиктерге бай жыл болду. Айсулуу Тыныбекова Кыргызстан көрбөгөн ийгиликтерди багынтты. Жапжаш кыз дүйнөнүн чемпиону болду. Воллейболчулар да Азиянын борбордук зонасында  тарыхта биринчи жолу чемпиондукту багындырышып, Кыргызстандын туусу бийик көтөрүлдү. Чынын айтыш керек, 2017-жылга чейин биздин федерацияга өгөй баладай мамиле кылынып келсе, 2017-жылдан бери мамлекет көңүл буруп, жетишкендиктерибизди баалап, ийгиликке жеткен спортсмендерибизди мамлекеттик деңгээлде сыйлай башташты.

Ал эми саясат жагында кандай болуп жатканын менден башка кыйындар, серепчилер айтып жатышса керек. 2019-жыл кыргыз мамлекети үчүн жакшы жыл болду. 2020-жылы  ишке ашпай калган пландар сөзсүз ишке ашат деп үмүт кылам.

- Волейболчулар ийгиликке жеткенден бери соцтармактарда “Э.Сатыбалдиевдин арты менен Кыргызстандын аты дүңгүрөдү, бул инсанга наам бериш керек”,- деген маселе көтөрүлүп, атүгүл, кол чогултуу башталып кетти. Карапайым адамдардын мындай реакциясын кандай кабыл алдыңыз?

- Мен “наам же мамлекеттик сыйлык алыш керек” деген мезгилден  өтүп кеткем. Менде аскердик тармактагы генерал деген эң жогорку наамым бар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек синирген юристимин. Кыргыз Республикасында андан чоң наам жок. Соцтармактын колдонуучулары, карапайым адамдар эмгегимди баалап, “мамлекет көңүл буруп, эмгеги эске алыныш керек” деген максатта жазышкан чыгаар. Чындыгын айтканда, 2010-жылкы апрель окуясы боюнча көп нерселерди мойнума алып, моралдык жактан күнөөмдү сезип, “мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти сезейин”- деген аракетимди туура эмес түшүнүп алгандар да болду. Апрель окуясынын  күүсү менен “Элмурза күнөөлүү” деп жүрүшөт. Айтайын дегеним, декабрь айында волейболдун 90 жылдыгын белгиледик. Жогорку Кеңештен вице-спикери Аида Касымалиева баш болуп,  шайлоочуларына волейбол уюштуруп жүргөн депутаттар Жогорку Кеңештин саатын тапшырды. “Апрель окуясында соттолгон  адамга Жогорку Кеңештин саатын тапшырган туурабы?”- деп ошондон кийин айыптагандар да болду. Бирөөнү каралаштан мурун адам биринчи эмне үчүн жамандап жатканын түшүнүш керек. Спортту саясатка аралаштырбаш керек. Спорт тармагында адам ийгиликке жетип жатса, сыйлап кой. Сыйлай албайсыңбы, анда жамандаба. Мени сыйлабайт деп таарыныш же айтыш менин табиятыма туура келбейт. Бул жагынан эмгегимди эске алгысы келгендерге кошулам. Ошон үчүн мени эске алсын деп демилге көтөргөндөрдү да, байкамаксан болгондорду да түшүнөм. Бирок, волейболчуларга президенттин атынан чоң сыйлык берилди. Мен ошого кубанам.

- 2010-жылдагы окуядан кандай сабак алдыңыз?

- Ал кезде мен 44 жаштагы адам экем. Бирок, адам катары ал окуялардан 10 жылдын ичинде чоң сабак алдым. Менин жашоого болгон көз карашым экиге бөлүндү. 2010-жылга чейинки жана андан кийинки болуп. Эң негизгиси жоопкерчилик эмне экенин өзүм сездим. Ачыгын айтсам, мен түз күнөөм болбосо да, “моралдык жоопкерчилигимди сезейин, үлгү болуп берейин”- деп Апрель окуясы боюнча тергөөгө барып, сотко барып, соттолдум. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген башка. Ар бир адамдын саясатын жоопкерчилик менен баалаш керек. Мен 2010-жылдагы каргашалуу окуяга мен эле эмес, мени менен отуруп чыккандар да жоопкерчиликти мойнуна алышты деп айта алам.  “Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн Элмурза отуруш керек болсо, мен отуруп чыгайын!”- дедим. Бирок, баары тескери болду. Эл жалган жалаага ишенип алды. Бизди экиге бөлдү. Жабырлануучулардын жаткан жери жайлуу болсун. Ошолордун туугандарынын маңдайына отургузуп алып, бизди душман кылып көрсөтүү аракети күч болду. Чыдабай кетип бир сапар соттон: “Мен силердин душманыңар эмесмин. Силердин душманыңар - балдардын өлүмүнө же жараат алганына күнөөлүүлөрдү таппай койгон ошол маалдагы соттор жана бийликтегилер”- дедим. Кыскасы, 10 жылда мен эч ким бербеген  тажрыйбаны топтоп, турмуштук чоң сабак алдым. Билбей жүргөн нерселердин баарын билдим.

Мен деле бирөөлөр менен сүйлөшүп, четке чыгып турсам болмок. Бирок, ага абийирим жол берген жок. Ошон үчүн  жоопкерчиликти алайын дедим. Жоопкерчилик албасам кантип жашашым керек эле. Анда адам экениң, ушунча жыл мамлекетиңе кызмат кылганың жалган болуп калат да. “Элдин жүгүн көтөрөм, эл алдына чыгып басам”-дегендер а дегенде жоопкерчиликти сезгенди билиш керек. Кыскасы, мамлекеттеги ар бир жаран өз милдетин, жоопкерчилигин туура түшүнүш керек. Ошондо гана мамлекет, коом оңолот.

- Оппозиция болоюн деген максатыңыз жокпу?

- Мен мамлекетке оппозиция же терс көз караштагы адам боло албайм. Мени жети жашымдан баштап мамлекет бакты. Интернатта тарбияландым. Аскерде кызмат өтөдүм, анан юрфакка өттүм. Тергөөчүлүк кызматтан, Баш прокурорго чейин иштедим. Анан мен кантип ушундай билим берген, иште деп мүмкүнчүлүк берген мамлекетиме каршы чыгат элем. Эмне үчүн туура нерсени туура эмес деп айтат элем?

 - Бүгүнкү күндө бийликти сындагандар көп. Азыркы президент өлкөнү өргө сүйрөп жатабы же тескерисинче ишин жөндөй албай жатабы?

- Азыркы президент мурдагы бийлик 7 жыл талкалаганды оңдой албай жатат. Бийликте отурган адамды сындаш оңой. “Азыркы оор кырдаалдан кантип чыгабыз?”- дегенге бири да жооп бере албайт, жол көрсөтө албайт.

Мен бир нерсени так айта алам. 2010-жылдан кийин мамлекетти болушунча талкалашты. Талкаланган тармак катары соттордогу катачылыктарды айтсак болот. Талкаланган нерсени оңдош кыйын. Мен бүгүнкү бийликти жаман иштеп жатат деп да, жакшы иштеп жатат деп да айталбайм. Бул кемчиликтердин баарын оңдош керек. Анткени, биз 7 жыл  иллюзия менен гана жашап келдик. Мурунку бийликти жана анын тууган уругун, аны менен чогуу иштегендерди каралап, ыгы келсе да, келбесе да жамандап, жек көрсөтүштү. Жаман иштедиң деп кетириштиби, эми андан кийинки бийлик жакшыраак иштесин да. Кетирдик деп алышып, тууган уругун, чөйрөсүн, сабатсыздарды мамлекеттик кызматтарга алып келишти. Ошонун айынан бүгүнкү күндө сабатсыздар көбөйүп кетти. “Акылсыздан коркпо, сабатсыздан корк” деген сөз бар кыргызда. Сабатсыздар талкалаган мамлекетти калыбына келтириш азыркы бийликке оор. Ошон үчүн жакшы иштери байкалбай          жатат.

- Мекенчилдик дегенди кандай түшүнөсүз. Учурда чек арага байланыштуу чыр күчөп, андан упай алууну кимдер гана көздөп жаткан жок, өздөрүн мекенине күйгөн адам катары көрсөтүп... Жада калса курулуш фирманын деректири ошол жерге барып пиар жасап жатат. Жеңил пиар менен мекенчилдиктин чеги кай жерде?

- Абдан жакшы суроо бердиңиз. Баатырлар да заманга жараша болот экен. Азыркы заманыбызга жараша баатырлар чыгып жатат да. Бизди Совет доорунда “мекениңди сүй” деп тарбиялачу. 90-жылы бизге эгемендик эмне экенин биле элегибизде колубузга кармата коюп, эгемендиктин баркын, баасын биле албай жатабыз. Чек арага барып  согушсаң эле мекенчил болуп кетпейсиң. Мекенчил болсоң акылың менен мекениңди сүй. Сабатың жоюлса мекениңди сүй. Сабатсыз болуп туруп, мекенге кызмат кылам деп айтпа. Маселени, акылдуу, сабаттуу адамдар чечет. Бул маселени куру кыйкырык менен эмес,  акыл менен, кесипкөйлүк менен уруш талашы жок чечишибиз керек. 

- Быйылкы боло турган парламенттик шайлоого катышуу жагын ойлонуп көрдүңүзбү?

- 2010-жылы бийликтен кеткенимде 5 жыл бийликке кызыкпайын деп өзүмө сөз бергем. Анткени, 5 жыл - саясаттын бир айлампасы. Бир цикл. Буюрса, бул жылы өлкөбүздү өнүктүрүү багыттары боюнча көз караштарыбыз, ой-пикирибиз дал келген партия чыкса, катарына кошулуп, шайлоого катышуу ниетим бар. Мага да шайлоочу болобуз дегендер бардыр?!

- Соттолуп чыктыңыз. Шайлоого катышканга мыйзам жол береби?

- Мыйзам боюнча тоскоолдук жараткан жагдайлар бар экенин жашырбайм. Мына ошол бир аз мүчүлүштүктөрдү оңдоонун үстүндө иштеп жатам.

Булак: Майдан.kg” гезити