Кыргыз армиясындагы зомбулук фактылары тууралуу коомчулук көп сөз кылат. Ошого карабастан, армиядагы кордукка чыдабай, өмүрү менен кош айтышкан жоокерлер көбөйгөндөн-көбөйүүдө. Айрыкча Баткенде ушундай тирукмуш жагдайлар көп. Буга чейин да алыскы Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө бир жоокердин жанчылып көз жумганы белгилүү болуп, чоң резонанс жараткан.
 
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында болсо Баткен районунуны Бужум айылындагы 30-630 аскер бөлүгүндө Лейлек районунун Кара-Булак айылынан келип, контракт менен кызмат өтөп жаткан, 1988-жылы туулган Келдибек Кааров өзүн-өзү асып салган. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жигит мындай кат калтырган: “Эне мен жашоодон тоюп буттум, сиздер аман-эсен жашаныздар!”.
 
Сейитмурат Сейтказы уулу, Баткен
атайын “Sayasat.kg” үчүн