Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок.

Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады.

СССР маалында чоң энелер антисептикалык каражаттарды үйдөн эле жасап алышкан. Аны даярдоо ыкмасы өтө жөнөкөй, эффективдүүлүгү убакыт менен текшерилген.

Учурда COVID-19 вирусунан мурун ал тууралуу туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда.

“Бийлик менен дарыгерлердин айтканын гана угуп үйдөн чыкпай отуруп биз жардам бере алабыз.

Экономикасы дүркүрөп өнүккөн, күчтүү мамлекеттерди да бир топ бушайманга салып койгон коронавирус эпидемиясы эгемендик алганына 30 жыл толуп-тололек Кыргызстанга да келди.

Өткөн жылдын акыркы айында, декабрда Кытай эл республикасынын Ухань шаарында башталган эпидемия кыска мөөнөттө дүйнө жүзүнүн дээрлик баардык булуң бурчуна тарап, жалпы адамзатка болуп көрбөгөндөй коркунуч туудуруп, БУУ тарабынан бул коронавирус эпидемиясы пандемия деп жарыяланып отурат. 

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине колдонууга берилди.

Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди.

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек маянасын которуп берди.

Бүгүн, 25-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы 2 учур катталды (эркек кишилер).

Өлкөбүздүн ишке жарамдуу жаштарынын көпчүлүгү сыртта жүрүшкөн менен бизге да сырттан келип иштегендер толтура.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтуусунда, жакынкы күндөрү валюта рыногундагы абал баштапкы калыбына келет.

Кыргызстанга жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын дагы убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга болот

Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынуда.

Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат.

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасады.

12-апрелде өткөрүү белгиленген өлкөбүздүн бир нече шаарлары менен аймактарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолор белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды.