Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек маянасын которуп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы тарабынан коронавирус менен күрөшүү Фонду түзүлүп, ага президенттин резервдик фондунан 20 миллион манат (12 миллион доллар) бөлүнгөн. Бул фондко физикалык жана юридикалык жактар дагы акча каражат которо алышат.

Ильхам Алиевдин эмгек акысы да аталган Фонддун эсебине которулган. Белгилей кетсек, президенттин бир айлык эмгек акысы, өлкөнүн шайлоо кодексине жараша түзүлгөн 15 миң манат (9 миң долларга жакын) түзөт.

21-мартка карата Азербайжанда коронавирус менен ооругандардын саны 53 адамга жетти.  Анын ичинен 10 бейтап айыгып, бирөө каза тапты. 

Булак: Элгезит