Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Анын айтымында, учурда мектептер менен жогорку окуу жайлары 8-апрелге чейин каникулга тараган.
Өмүров окуу жылы жай айларына чейин узартылбай турганын, учурда Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруп жатканын маалымдады.
“Биздин максат - Интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенжерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”,- деп билдирди Нурлан Өмүров.
Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат. Бирок мектеп окуучулары менен студенттердин окуу жайларга барып, мугалим, профессорлордон түз билим алуусу менен онлайн режиминде окутулушунун айырмачылыгы кандай болот? Алардын билиминин сапатына таасири оң болобу же терспи? Ошол эле учурда ар бир окуучу, мугалим менен профессорлор интернет жана тиешелүү техникалар менен камсыз болгонбу? Тилекке каршы бул суроолорго министрлик да, айрым билим берүү тармагындагы эксперттер да жооп айтыша элек.
Булак: "Майдан.kg" газетасы