12-апрелде өткөрүү белгиленген өлкөбүздүн бир нече шаарлары менен аймактарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолор белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал учурунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтото туруу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.
23-мартта кабыл алынган жарлыкта “Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз каранды эмес демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чара көрүүнү талап кылат”- деп жазылды.
Шайлоону токтото турууга коронавирустун жайылышынан улам Кыргызстандын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгени, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максаты негиз болгону айтылды.
Мамлекет башчыбыздын бул жарлыгы туура эле болду. Анткени бүгүнкү күндө АКШ, Иран, Италия, Түштүк Корея сыяктуу жогорку деңгээлдеги медицинасы бар өлкөлөрдү коронавирус илдети кара тумандай каптап жатканда жок дегенде жөнөкөй беткапка жетпей жаткан биздин өлкөдө ар кандай шаан-шөкөттөрдөн тышкары саясый иш чаралардын деле токтотулуусун көпчүлүк туура кабыл алышууда.
5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болмок. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган.
Булак: "Майдан.kg" газетасы