Бүгүн, 25-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук унаалар жана таксилер толугу менен токтотулат.

Кыргызстандын ичиндеги авиакаттамдар да убактылуу токтойт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум болуп өттү.

Коронавирус жугузуп алган 26 жаңы учурдун ичинен 14 киши Сауд Арабиядан келгендер, калгандары алар менен байланышта болгондор.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкек - Токмок, Бишкек – Кайыңды поезд каттамдары убактылуу токтотулат.

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду.

Борбор калаанын конокторуна шаардан чыгып кетүү сунушталды

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалсын

Жаңы аныкталган 26 учурдун 15и - Ош облусунда жана 11и - Жалал-Абад облусунда.

Кыргызстанда коронавирус 1 жашка чыга элек наристеге да жукту.

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

Бүгүн, 24-марттан тарта Бишкекте жылуулук кайра бериле баштайт.

Бишкек, “Саясат.kg”.Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин коомчулукка кайрылуусу. 

Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө маселе каралат.

Кыргызстандын 3 шаарына жана 3 районуна— Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары жана Жалал-Абаддагы Сузак, Оштогу Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө кырдаал абалын киргизүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыктары Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн бүгүн, 24-мартта өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош мэриясы шаарда такси кызматы токтотуларын кабарлады.

Чүй облусунда 274 адам карантинге алынган.

Бишкек, “Саясат.kg”. “Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирет.

Бишкек, “Саясат.kg”. Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы 2 адам катталды.