Бүгүн, 25-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова маалымат берип жатат.
Анын айтымында, бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, алардын бири — 1949-жылы туулган эркек адам жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирус боюнча район-шаарлардагы көрсөткүч (жалпы 42 адам):
- Сузак районунда – 17;
- Ала-Бука районунда – 2;
- Ош шаарында – 1;
- Кара-Суу районунда – 8;
- Ноокат районунда – 11;
- Бишкек шаарында – 2;
- Баткен районунда – 1.
Булак: Баракелде