Алар өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу 3 токтом долбоорун кабыл алышты.

Депутат Алтынбек Сулайманов экономикалык абал боюнча суроо берди.

«Өзгөчө абалды айласыздан киргизип жатабыз. Көп эскертүүлөр, түшүндүрүүлөр болду. Өкмөт күрөшүп жатат, сиздер жаман иштеп жатат дегенден алысмын. Бирок экономикалык вирус эмне болот? Элдин тиричилиги кандай болот? Өндүрүш эмне болот? Бишкек шаарында көп өндүрүш бар, алар кантет? Бишкектеги квартиранттардын оокаты кандай болот? Ушулар боюнча программа, алдын алуу иштери барбы? Биз ушуну байкабай жатабыз. Көчөдө бирдеке саткандардын оокаты кандай болот? Бизнес, жеңилдиктер...», - деди Сулайманов.

Кыргызстандын 3 шаары менен 3 районунда өзгөчө абал режими киргизилет. Анын убактысы эртең, 25-мартта саат 08:00дө башталып, 2020-жылдын 15-апрелинде саат 08.00гө чейин уланат. Тиешелүү жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кыргызстанда коронавирус боюнча 42 учур катталды.

Булак: Баракелде