Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим!

Учурда кыргыз эли эле эмес, дүйнө коомчулугу өтө коркунучтуу жана кооптуу мезгилди башынан өткөрүп жатат, деп айтсак жаңылбайбыз.

Эң коркунучтуусу, бул айыккыс илдеттин дүйнө жүзү боюнча аябай тездик менен жайылып жаткандыгында. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесустун маалыматы боюнча, таажы вирусу аныкталган алгачкы күндөн тартып 67 күндүн ичинде аны жуктургандардын саны 100 миңге жеткен. Илдетке чалдыккандардын саны он бир күндүн ичинде 100 миңден 200 миңге чейин көбөйгөн. Ал эми төрт күндөн кийин коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 300 миңге жеткен. Учурда таажы вирусу аныкталган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 380 миң кишиден ашып кеткен. Ошентип, кыска мөөнөттүн ичинде аталган илдет эки жүздөн ашуун өлкө жарандарына таралган.

Белгилей кетүүчү нерсе, өнүккөн өлкө жетекчилиги бул илдетти “айыккыс, дабаасы жок коркунучтуу оору” деп таанып, болгон күчүн бул илдетти алдын алууга багытташууда.  Эң коркунучтуусу - соңку мезгилдери аталган илдетке Кыргызстандан экономикалык жактан алда канча кубаттуу, күчтүү өлкөлөр туруштук бере албай, оор абалга дуушар болгондугуна күбө болуп жатабыз.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, Италияда бул илдеттин коомчулук арасына аябай кеңири жайылып кетүүсүнө аталган өлкө бийлигинин убагында бул илдетти алдын алууга аябай тоотпостук менен кечигип жасаган кайдыгерлик мамилеси себеп болгондугуна дүйнө коомчулугу күбө болушту. Натыйжада, Италияда бул илдеттен күн сайын жүздөгөн адамдар каза болууда. “Италиядагы кырдаал биздин өлкөдө да кайталанбайт”,- деп эч ким кепилдик бере албайт.

Андыктан урматтуу кыргызстандыктар!

Буга чейин кайсыл бир маселе боюнча бири бирибиз менен макул болбой талашып-тартышкан учурлар болгон болсо, учурда биздин баарыбыздан алдыбызда бир гана максат турат. Бул дүйнө элин кооптонткон коркунучтуу айкыс илдетти жеңүү.

Ал үчүн мен биринчи кезекте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 23-марттан баштап республика боюнча өзгөчө абал киргизгендигин колдойм жана баардык жарандарды бийликтин мындай аракетин туура түшүнүп аны ар тараптуу колдоого чакырам. Ошондой эле мен Президент Сооронбай Шариповичти жана аткаруу бийлик өкүлдөрүн бүгүндөн калбай мамлекетте болгон баардык мүмкүнчүлүктөрдү аталган илдетке каршы натыйжалуу колдонууга, эгерде колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү бүгүн колдона албай калсак, анда эртең кеч болуп калаарын жана биздин мындай шалаакы аракет элдибиздин, балдарыбыздын өмүрүн тобокелчиликке салган менен барабар болоорун баса белгилөө менен эскертем.

Эң башкысы - аталган илдет менен күрөшүү штабынын башчысына талантуу жана жөндөмдүү жетекчини коюп, республика боюча өзгөчө кырдаал тартибин жогорку деңгээлде күчөтүлгөн тартипте атакарууга жетишүү зарыл деп ойлойм.

Сиздерди урматтап,

“Ата-Журт” саясий партиясынын лидери

Камчыбек Ташиев.