Мындай чектөөлөр эртең, 25-марттан тарта баштала турганын республикалык ыкчам штаб билдирди.
«Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиакаттамдар гана учат.
Ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.
Булак: Баракелде