Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, алардын арасында Дубайдан келген 192 жаран Токмоктогу окуу мекемесинин жатаканасындагы обсервацияга жайгаштырылган.

«Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча карантин үчүн 1708 орун бар. Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондорунда обсервация үчүн орундар каралууда», - деди ал.

Булак: Баракелде