Алар негизинен кошуна Өзбекстан, Тажикстандан сезон учурунда курулуш, пахта, тамеки терүү тармактарында мандикер болуп иштешкендер. Бирок булар жергиликтүү эмгек рыногун тартып алгандан тышкары мамлекетибизге бир сом да төлөшпөйт же акчанын көбүн өз өлкөсүнө алып кетишет.
ЖК депутаты Исхак Пирматов мындай кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамын иштеп чыкты.
Демилгечинин айтымында, учурда сырттан Кыргызстанга кирген эмгек мигранттары өлкө мыйзамдарына ылайык эки жол менен гана кире алат: жумуш берүүчү ишкана, компания же жеке ишкердин чакыруусу менен келип, миграция кызматы берген квотанын негизинде 10 миң сом төлөө менен иштей алат, чет өлкөлүк жеке ишкер катары миграция кызматы берген квотанын негизинде иш жүргүзөт. Ошон үчүн мыйзамга “чек ара мигранты” деген түшүнүк киргизүү зарыл.
Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алгандыктан, алар өлкөдөгү талаа жумуштары, тигүү, курулуш тармактарында, чакан ишканаларда иштейт, бирок мамлекетке бир тыйын да төлөшпөйт, ошондон улам коррупциялык жагдайлар жаралууда. “Азыркы учурда бюджетке түшчү акчалар, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат”,- деди баяндамачы.
“Коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизсе туура болот. Мындай шартта мигранттын миграция кызматына ай сайын 500 сом патенттик акча төгүп, мыйзамдуу иштөөсүнө жол ачылат. Мамлекет алардын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыз кылат”- деп, Исхак Пирматов жергиликтүү бюджеттер дагы жылына болжол менен 700 млн сомго чейин киреше ала турганын кошумчалады.
Салык кызматы мыйзам долбоорун колдой турганы, аны ишке ашырып, кошумча каржы булактарын табууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экени белгилүү болду. Мыйзам кабыл алынып калса, чек ара аймактарында заманбап автоматташтырылган салыктык каттоого алуу жана патенттөө кызматын көрсөтүү борборлорун уюштуруу чаралары көрүлмөкчү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн күнүмдүк жумуштарда иштөө үчүн жылына 314 миң адам кирип-чыгат. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөн 100 миң мигрант бар. Алардын басымдуу бөлүгү талаачылык жумуштарында эмгектенет. Эгерде чек ара мигранттары патент албай иштесе, мыйзамга ылайык, 5-категориядагы айыппул (10 миң сом) төлөөгө тийиш.
Булак: "Майдан.kg" газетасы