Өткөн жылдын акыркы айында, декабрда Кытай эл республикасынын Ухань шаарында башталган эпидемия кыска мөөнөттө дүйнө жүзүнүн дээрлик баардык булуң бурчуна тарап, жалпы адамзатка болуп көрбөгөндөй коркунуч туудуруп, БУУ тарабынан бул коронавирус эпидемиясы пандемия деп жарыяланып отурат.
Шаштысы кеткен мамлекеттер ар кайсысы алына, түшүнүгүнө жараша чараларды көрүп, этибар албаган, Италия, Иранга окшогон мамлекеттерде ахывал өтө оорлоп, өзгөчө абал киргизилип, жуктуруп алгандардын, мейиттердин саны күн санап өсүп, дарттын дабасы жоктугу катуу коркунуч туудуруп, жалпы адамзат ШОК абалына кептелип турат.
Акыры бул ажалга тете тумоо Казакстан, Өзбекстанга улай Кыргызстанга да келип жетти. Башында, тумоого дабаа, андан кутулуу аргасын издегендин ордуна, көнгөн адатыбызча “ким күнөөлүү” дегенге берилип, бири-бирибизди жакалаганга, бийликти күнөөлөгөнгө өтүп убакыттан уттура баштадык.
Акыры коркунучтун өтө кооптулугу сестенттиби (?), айтор, баш учубузду жыйып, бийлигибиз да адекваттуу чараларды көрүп баштады. Баалардын көтөрүлүшү менен азык-түлүк дүкөндөрүндөгү ажиотаж жөнгө салынды. Бишкек, Ошто кооптуу делген райондордо өзгөчө абал жарыяланды.
Соцтармактардагы ыксыз ырылдашуу азайып, пайдалуу кеңештер, боорукерлик, жардам берүү аракеттери көбөйүүдө. Жалган маалымат таратып, элди паника кылган бирин-экин тентектерди коопсуздук кызматтары көз жаздымда калтырбай таап, чара көрүп жатышы да эл ичине жик салүүчу кумалактарды сестентип, алардын катары сээлдеп калды.
Кыргыз бийлиги коронавирус менен күрөшүү жолунда кытай ыкмасын тандап алды. Вакцина табылып, дарылоо методикасы жок учурда, контактарды болушунча азайтып, тумоонун жайылышына жол бербөө эффективдүү экендиги кытай тажырыйбасынан даана көрүндү. Бүгүн кытайлар коронавирусту жеңгендигин жарыя кылып жатат.
Тилеке каршы биздин жарандар, дагы деле болсо көңүлкоштук кылып, көчөгө жайылып чыгып, коомдук жайларда, транспортто, дүкөндөрдө, базарларда тыгылышып, аралыкты сактабай, вирустун таркашына шарт түзүп жатабыз. Дагы деле бийликке, бири-бирибизге ыксыз асылуу менен алек болуп, жергиликтүү, шаардык, жогорку бийликтердин аракеттерин текке кетирип жаткандайбыз.
Урматтуу мекендештер, азыр бизде, бул өлүмгө тете тумоого каршы бир гана даабаа бар. Ал анын жайылышына жол бербөө. Тагыраагы аны жайылтпоо. Биз ушуну этибар албай жатабыз. Мына акыркы күнү эле жуктуруп алгандардын саны эки эсе өсүп, 42ге жетти. Бул геометриялык прогрессияда өсүүнүн башталышы эмеспи? Эгерде биз, кырдаалды терең түшүнүп сактанбасак абал чектен чыгып кырылууга учураарыбызды ойлоно турган мезгил жетти!
Ойлонолу туугандар. Ойду-тоону сүйлөп, бийликти сындап отура турган убак эмес. Тумоо бай-кедей, бийлик-бийлик эмес деп тандабайт. Бул жалпы адамзаттын башына келген аапат!
Кыргыз бийлиги колунан келген аракеттин баарын жасап, жан-үрөп, күнү-түнү иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 25-марттан баштап Өзгөчө абал киргизилип жатат!
Оо калайык, калың журт, өзгөчө кырдаалдын шарттарын бекем сактап, тумоонун жайылышына бөгөт койбосок бул өлүмгө тете тумоого туруштук бере албайбыз.
Жапырт эл биригип гана бул вирустун жолун кан буугандай токтотуп, жеңишке жетээрибизде шек жок. Аны коңшүбүз кытайлар далилдеди.
Ан үчүн вирустун жайылышына жол бербей, контактарды кескин бууп, көчөгө, дүкөнгө аргасыз барган учурларда коопсуз дистанцияны кармайлы. Жөнсүз көчөгө чыкпайлы. Бөлүнгөндү токтотолу. Бийлик менен эл бирге аракеттенгенде гана ийгилик болоорун унутпайлы!
Булак: "Майдан.kg" газетасы