Бул маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова түштөн кийинки онлайн маалымат жыйында билдирди. Алардын абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады.
Жаңы катталган бейтаптардын бири 1960-жылы туулган. Ал Испаниядан келген адам менен байланышта болгон. Экинчи бейтап – 1985-жылы туулган жаран Москва районунун тургуну. Ал Дубайдан келген.
Муну менен Кыргызстанда жалпы бейтаптардын саны 44 адамга жетти.
Өлкөнүн аймактарындагы көрсөткүч (жалпы 44 адамда коронавирус аныкталды):
Ош облусунда – 20 учур;
Жалал-Абад облусунда – 19 учур;
Бишкек шаарында – 3 учур;
Чүй облусунда – 1 учур;
Баткен облусунда – 1 учур.
Булак: Баракелде