Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтуусунда, жакынкы күндөрү валюта рыногундагы абал баштапкы калыбына келет. Ал өткөн жумада журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында бүгүн доллардын куну көптөгөн банктар менен акча алмаштыруу жайларында “бир аз артка кеткенин” моюнга алды.
“Дүйнөдө жана Кыргызстанда абдан көп окуялар болуп кетти - мунайдын баасы кескин түшүп кетти, анын ичинде коронавирустун жайылышы бар. Дүйнөдөгү жана ЕАЭБдеги бардык нерселер бизге таасир этип жатат. Доллардын кунунун өсүшүнө чек аралардын жабылышы да таасир этти. Бул болуп кеткен факт, аны кабыл алыш керек”,- деди.
Ал учурда Кыргызстанда чек аралардын жабылышынан улам соода-экономикалык жана ишкердик активдүүлүк солгундай түшкөнүн да ачык айтты.
Ошондой эле Абдыгулов Улуттук банк (УБ) доллардын куну боюнча көрсөтмө берди деген маалыматты төгүндөдү. “Кээ бирөөлөр Улуттук банк көрсөтмө берди деп жазган, бирок мындай болушу мүмкүн эмес. Мунун баары автоматташтырылган система жана коммерциялык банктар курстарды ошого ылайык чыгарат. Кечээ базарда 84,9 сом тең салмактуу курс болчу, ошондуктан ал көчөдө 85 сом болуп кармалып турду. Бүгүн абал турукташат. Валюта сатып алуу менен сатуунун ортосунда эмне үчүн айырма мынчалык чоң деген суроолор көп болду. Бул дагы базардагы аныксыздыкка байланыштуу. Валютанын банк системасындагы ушундай бир таңсыктыгы жок”,- деп белгиледи ал.
Ошондой эле Толкунбек Абдыгулов улуттук валютага карата басым байкалып атканын белгиледи. Анын айтымында, сомдун алсыроосу соода-өнөктөш өлкөлөрдө болууда. Мындан тышкары, февралдын башынан бери өлкөгө акча которуулардын саны 14 пайызга азайган.
Булак: "Майдан.kg" газетасы