Бир кездери элди күлкүгө карк кылган, коомдогу терс көрүнүштөрдү сатиралык интермедиялары менен мат кылган, кээде чыдабай кетип өздөрүнө тамашаларына өздөрү каткырган “Аралаш” театрынын түзүлгөнүнө быйыл отуз жыл болуптур.
Акыркы кезде мектептен мечит көп салынган, көчөдө галстукчандардан сакалчандардын карааны басымдуулук кылган өлкөбүздө диний кырдаал радикалдык мүнөзгө өтүп, тирүүлөрдү мындай кой, маркумдарды акыркы сапарга узатууда да чыр-чатактар чыгууда.
Интернетти жакшы чукуган, саясатчыларды куйкум сөздөрү менен нукуган куудул Жамбыл Камчиев жыл сайын орозо маалында эки-үч ырчы менен бирге жарамазан айтып эл кыдырып, бал арыдай акчанын гүлүн сыдырып жүргөн эле.
ИИМ бул адам өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайга кандай чара көрөр экен?...
Жаныбек Жанызак мурда кимге кезикпесин бакылдап сүйлөп, жакасындагы чаңды оозу менен үйлөп, редакцияларды тынбай кыдырып тураар эле, айтышкан адамын “прямо” уят сөздөр менен ураар эле.
Жетиштүү каражат, ишенимдүү электорат жок болгон соң ошондой сүйлөшүүлөр аркылуу ар кимиси өз жолун таап, чакан ресурстарын соодалагандан башка аргалары жок да.
Бишкек, “Саясат. kg”. Талапкер тууралуу апыртма кептердин аныгына жеттик...
Андан ары автор, бакиевдик «Ак Жол» фракциясынын экс-депутаты Курманбек Бакиевдин мезгили кайтып келатканын айтып, коңгуроо какканы кызык. Суроо туулат: ошол кезде мурдагы партлидери Курманбек Бакиев жɵнүндɵ да чындыкты айтып, ачык, сынга алып жаза алат беле?