Жк депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеӊештен айтылуу “Раим миллион” аттуу Раим Матраимов боюнча опурулду.

 

Ырас, Өмүрбек Бабанов Матраимов бир туугандары менен коррупцияны гүлдөтүп жатат таризинде билдирүү менен чыккан. Аны коштогусу келдиби же өзүн шайлоо алдында жогорку жакка эстетип коюуну пландадыбы айтор, “Урматуу Матраимовдор! Президент менен жамынбагыла! Президент таза жана айкын шайлоо болсун деди. КСДП менен жамынбагыла! 2007-жылы Өмүрбек Бабанов КСДПнын штабынын жетекчиси болгон. Мен КСДПнын Таластагы координатору болгом. Ошондо силер каякта элеңер? Марат менен Максимдин этегинде жүрбөдүңөр беле?..”,- деди Мирлан Жээнчороев ЖК трибунасынан. Кызык, ушул сөздү эмнеге шайлоого чейин айткан эмес ыя?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити