Бишкектин райондук соту журналист Зулпукарн Сапановду төрт жылга эркинен ажыраткан чечим чыгаргандан бери бир жумадай убакыт өттү. Журналист “Кыдыр санжырасы” аттуу китеби үчүн эркинен ажыратылды.
Кр Акыйкатчысы Кубат Оторбаев китепти окуп чыкты жана журналистти камоо анын конституциялык укугун жана эркиндигин чектеди деген пикирде.
“Соттун өкүмүнөн кийин мен Сапановдун китеби менен тааныштым жана аны динге байланыштырбай, кеңири көз карашта кабыл алуу керектигин байкадым. Бул эркин адамдын көз карашы. Кыргызстан демократиялык, светтик өлкө, адам эркин ойлоого жана оюн айтууга укуктуу. Бул жагынан алып караганда Сапановдун камакка алынышы артка – инквизицияга баратканыбыздын белгиси”, - деди Оторбаев.