Ар кайсыл жерде ар башкача сүйлөй берген саясатчыдан эмнени күтүүгө болот? Деги эле саясатчы эмес, катардагы карапайым адам деле эки башка сүйлөй берсе, элден чыгып калат эмеспи. Анан «эл башчысы болом, президент болом» деп аткан саясатчы эки жерде эки башкача сүйлөп отурса, анан ага кантип ишенебиз?
Кеп ким тууралуу болуп атканын түшүнүп атсаңыз керек? Ооба, Өмүрбек Бабанов тууралуу болуп атат. Ал жакында эле Өзгөн районунун эли менен болгон жолугушуусунда: «Мен президент болуп калсам, премьер-министрлик кызмат жоюлат» деп айткан болчу. Ошондо аны коштоп чыккан Адахан Мадумаров да муну уккан.


Анан 17-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы эл менен жолугушуусунда Бабанов Төрөбаев менен бириккенин жар салып, «Мен президент болуп калсам, Төрөбаев премьер-министр болот» деп айтты. Ошондо биз кайсыл Бабановго ишенебиз? Өзгөндө сүйлөгөн Бабановгобу же Жалал-Абадда сүйлөгөн Бабановгобу?


Албетте, «экөөнө» тең ишенүү кыйын болуп калды. Эптеп жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу үчүн ар кайсыл жерде ар башкача сөз айта берген саясатчыда позиция деген таптакыр болбойт. Бабанов азыркы тапта Төрөбаевдин шайлоочуларынын добушун өзүнө алуу үчүн аны менен биригип атат. Эртең шайлоо бүткөндөн кийин «Ташиев деле чыдаган, сен деле бир чымырканып чыдап кой» деп Төрөбаевди көчөгө таштап кетпесе мага келгиле.


Негизи эле Бабановго премьер-министрлик кызматка ким келе турганын жалгыз өзү чече тургандай укукту ким берип атат? Азыркы башкарууда өкмөт башына ким келе турганын президент жалгыз өзү чечпейт. Парламентте отурган 120 депутат чечет. Же Бабанов да Максимчесинен кыргызстандыктарды депутаттары менен кошо малга теңеп атабы?


Эптеп көбүрөөк добуш алыш үчүн гана ар ким менен биригүүгө бара берген Бабановду кантип лидер деп айта алабыз? Бизге азыр добуштун артынан томолонбогон, эли-журтунун тынчтыгы үчүн чындап күйгөн, жалпы Кыргызстанга лидер боло турган инсан керек. Андай инсан бар, бирок ал Бабанов эмес. Айланасына канкор бийликтин «долбоорун» жана ошол канкор бийликтин жактоочусун топтоп алган Бабановго ишенүүгө, алданууга акыбыз жок. Эгерде алдана турган болсок, анда эртең өлкөбүздө кайрадан ишкерлердин жолго коюлуп калган бизнестери рейдерлик жол менен басылып алына баштайт, кыргыздын кен байлыктары чет элдик шылуундарга жең ичинен сатылат, кайрадан бир үй-бүлөнүн авторитардык режиминде жашап калабыз. Бизге ошол керекпи? Керек эмес десеңиз, анда Алдар көсөөдөн алыс болушубуз керек.