Аналитика  

 

Өткөн жумада 2-3 күн катары менен Казакстандын борбору Астанада Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технология боюнча экинчи жыйыны өттү. Бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү 33 мусулман мамлекеттердин башын бириктирген уюмдун жыйынына Иран, Өзбекстан баштаган чоң мамлекеттердин президенттери өздөрү барып катышкандыгы жана сөз сүйлөгөндүгү эле эл аралык деңгээлдеги иш-чара экендигин далилдеп турат. Бир чети бүгүнкү күндө илим менен технологиянын орду космостук ылдамдык менен өсүп, цивилизациялуу мамлекеттер жалаң ушул тармакка көңүл бурушууда.

 

Бирок биздин президентибиз белгисиз себептер менен Астанага барган жок. Ким билет, жалаң шайлоо, саясат, интрига менен алпурушкан кыргыз бийлигине илим менен технологиянын кызыгы жокпу же Ак үйдөгүлөргө азыр “не до этого” болуп калганбы, айтор “жаш, жаратман, мээси иштейт, жакшы бала” деген премьер-министр Сапар Исаков да, анын байдын кызындай макталып аткан вицелеринин, ал тургай министрлердин бири да барышкан жок. Болгону билим берүү жана илим министринин орун басары кетти деген кабарды эшиттик. Башкасына барбаса да, президентибиз боордош, кошуна, стратегиялык өнөктөш, көп жагынан алака-катышыбыз бар Казакстанга жок дегенде бир күн барып, мусулман өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугуп койсо, өзүнүн да, мамлекеттин да жүзү жарык болмок. Эгер адатынча балп эттирсе да биздеги жок илим менен технологияны өнүктүрүү планыбыз бар, 2040-жылкы стратегияда камтылган, жаңы өкмөт башчынын 40 кадамынын бир кадамы дал ушул илим менен технологияга арналган деген сөздөрдү урдуруп койсо, аны бирөө текшермек беле.

 

Ошол эле учурда, 14-сентябрда А.Атамбаев шашылыш түрдө Сочиге учуп кетти. Ал жакта эс алабы? Жоок, Россия президенти В.Путин менен жолугушуу үчүн. Кыргыз президентинин бул сапары тууралуу Кремлдин сайты “14-сентябрда Сочиде (Россия) Россия Федерациясынын башчысы Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын Россияга жумушчу сапар менен келген президенти Алмазбек Атамбаевдин  жолугушуусу болот”,- деп билдирип, андан ары “Россия-кыргыз кызматташтыгынын көп пландуу маанилүү маселелерин, анын ичинде ушул жылдын июнунда Кыргызстандын президентинин Россияга жасаган сапарында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулоо пландаштырылууда”,- деп айтылат.

 

Ошол эле учурда россиялык “Русская весна” маалымат булагы кыргыз президентинин Сочиге шашылыш, күтүүсүз сапары тууралуу “Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда шашылыш түрдө президент Путин менен жолугушууну талап кылды. Бирок ал ушул жылы жайындагы мамлекеттик сапары учурунда салтанаттуу түрдө коштошкон болчу”,- деп жазды.

 

Ошондой эле ушул маалымат булагы “Пландан тыш жолугуунун зарылчылыгы республикада шайлоо алдындагы күрөш аябай курчуп, жагдайды чечүү үчүн Россиянын сөзү керек болуп жатат. 15-октябрга белгиленген шайлоо алгач алдын ала чечилген протокол түрүндөгү иш-чара катары пландаштырылган, бирок акыркы күндөрү кыргыз коомундагы бир топ карама-каршылыктар ачыкка чыгууда. Ал тургай Атамбаевдин мураскору – техникалык премьери Сооронбай Жээнбековдун, президенттикке көрсөтүлгөн учурда рейтинги 5%дан төмөн болгондугу да айтылууда. 

 

Мындан тышкары  Кыргызстанда болочок президенттин үй-бүлөсү (тар жана кеңири мааниде) акча жана жетекчилик кызматтарда басымдуулук кылары тууралуу да көп айтып жатышат.   Бул жагдай ал тургай бийликтин КСДП партиясынын жайындагы курултайында бөлүнүүгө алып келди: жетекчиликтин мүчөсү жана парламент спикери Чыныбай Турсунбеков премьерди колдоодон баш тартып, өзүнүн президенттикке чыга тургандыгын жарыялап жиберген. Анын бул амбициясын басууга мүмкүн болгон менен – кесепети калды.

 

Мындан тышкары парламенттик фракциялардын биринин лидери, оппозициялык талапкер Өмүрбек Бабановдун позициясы күч алып жатат. Алгач анын рейтинги 30%дан ашкан, үгүт өнөктүгү башталган азыркы учурда ал өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерине көп каражат жумшап, башка оппозициялык өз алдынча шайлануу мүмкүнчүлүгү жок талапкерлерди өз катарына тартууда. Андыктан бийликтин ага каршы административдик ресурс менен күрөшүүсү да кыйын болору байкалып калды.

 

Республикада ошол эле учурда Москвада жөн эле шайлоого калыс караган жок деген имиштер жүрүүдө. Сыягы, Бишкектин Канттагы Россиянын аскер базасын кеңейтүүгө байланыштуу сунушунан баш тартуусу жана Атамбаевдин Сириядагы операцияга бир жактуу эмес мамилесинен улам карама-каршылыктар күчөп жатат окшойт. Жээнбековдун өзүнүн үй-бүлөсүнүн курулуш тармагындагы кирешелүү бизнеси бар Сауд Аравия жана БАЭ менен тыгыз байланышы Москвага жакпай жатышы мүмкүн.

 

Албетте, оппозиция Кыргызстандын Россия менен мына ушул татаал мамилелерин өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылат. Ошол эле Бабанов өз сөзүндө өлкөнүн бажы тармагындагы коррупциянын кесепетинен ЕАЭБдин аймагына жыл сайын эсепке алынбаган 3 млрд. доллар суммасындагы товарлар кирип жаткандыгын айтууда.

 

Бул айырмачылыктар кытайлык жана кыргызстандык бажы кызматтарынын статистикасынан келип чыгууда. Жергиликтүү прессада бул “операциялардын” артында Бажы кызматынын начальнигинин Жээнбековдун шайлоо компаниясынын башкы демөөрчүсү жана жакын союздашы болуп саналган “Раим-миллионер” каймана аты бар орун басары Раимбек Матраимовдун аты аталууда.

 

Көшөгөнүн артында эмне болуп аткандыгы – белгисиз. Августта прессада оппозиционер Бабанов жашыруун түрдө Москвада болуп, Россия президентинин администрациясынын жана ТИМ өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу имиш тараган. Эми Россияга кандайдыр-бир зарыл маселелерди чечип алуу үчүн Атамбаев шашылыш учуп келди.

 

Республикалык эксперттер Атамбаевдин командасы үчүн бийликти сактап калууга гайкаларды каттуу буроого туура келерин айтышууда.  Ал бир катар ММКларды жабуу, оппозицияга каршы маалымат кампаниясын жана репрессияны күчөтүү, саясый талаадан күрөшүү ыкмасын жокко чыгаруу. Ансыз бир айдан аз убакытта шайлоочулардын маанайын өзгөртүүгө мүмкүн эмес.

 

Мындай вариант эгер кошуна өлкөлөр Өзбекстан же Түркмөнстан менен салыштырса — реалдуу. Ошентип кыргыз бийлиги Путиндин колдоосун алуу үчүн баардык талаптарды аткарып, “реформаларды” жасоого даяр экендиги да белгилүү болуп калды.

 

Атамбаев эгер Жээнбеков жеңилип кала турган болсо, өзү башкарган жылдары түзүлгөн системаны жокко чыгарбоо шылтоосу менен өзүнүн адамдарынын коопсуздугу үчүн Москванын кепилдик берүүсүн да сурашы мүмкүн экендиги жокко чыгарылбайт.

 

Айтор 14-сентябрдагы Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу Кыргызстан менен Россиянын андан аркы кырдаалына олуттуу таасир тийгизе тургандыгы айдан ачык”.

 

А.Атамбаевдин В.Путин менен Сочиде шашылыш жолугушуусуна россиялык басылма ушундай баа берген. Ал эми Астанага ИКУнун жыйынына барбай койгондугунун себеби – өткөн жумада Бишкекке Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев расмий иш сапар менен келген учурда баурдастардан да жакын кабыл алып, ал тургай мындан ары ГЭСтерди Ташкенттин макулдугусуз куруу тууралуу келишим түзүлгөндүгү жана башка Бишкек Астананы “чанып”, Ташкент менен “ысык мамиле” түзүп алгандыгынан улам Н.Назарбаев каттуу таарынгандыгына байланыштуу болууда дешет, серепчилер...

 

Б.Жолдошов

Булак: “Майдан.kg” гезити