З.Сапанов

Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп күнөөлөнүп, төрт жылга эркинен ажыратылды. Ал 12-сентябрда сот залынан камакка алынды. Мурда бир нече диний аалымдар аталган китеп жарык көргөн соң авторго диний кастыкты козуткандыгы, бөлүп-жаргандыгы, ал тургай пайгамбарларга шек келтиргендиги үчүн айыптап чыгышкан болчу. Ал эми диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду “китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат” деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган. Бирок З.Сапановдун күчөтүлгөн тартипте камакка алынышын анын айрым кесиптештери бийликтин аша чабуусу катары баалап жатышат. Ортодо динчилдер менен светтик көз караштагылардын ортосунда кайым-айтышуу да жүрүүдө. Ал тургай сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюм да кыргыз сотунун журналистке карата катаал чечимин айыптаган пикирин билдирди. Албетте, соттор бийликтин ишаарасы болбосо, мындай чечим кабыл ала алмак эмес. Андыктан басма сөз кызматкерлерине карата мындай өгөй мамиле бир кезде (Акаев доорунда) “Борбор Азиядагы демократия аралы” деп дүйнөгө таанылган республикабыздын кадыр-баркын кетирип, диктатор башкарган мамлекетке айланып бараткандыгыбыздын белгиси эмеспи? 

 

КУУ

 

Бир кезде өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КМУ акыркы жылдары коррупция менен жердешчиликтин, сапатсыз билим берүүнүн жана ар кандай интригалардын “флагманы” болуп калгандыгы жашыруун эмес. Бул тууралуу коомчулук аталган окуу жайдын өгөйлөнгөн окутуучуларынын ММКлар аркылуу билдирүүсүнөн кабардар. Ал тургай улам өлкөбүздө революция-төңкөрүш болгон сайын эле бул окуу жайдын ректорлору түнү менен алмашып жатышы да акча менен байланышкан. Өткөн жылы ушундай билим берүүдөн ызы-чуусу көбөйгөн мурдагы ректор Ч.Адамкулованы ЖК депутаттары кийлигишип жатып араң кетиришкен. Көрсө, бул айымдын Ак үйдө колдоочусу бар экен, мындан да абройлуу ЖОЖдун ректору болуп отурат. Ошентип ошол эле Ак үйдүн амири менен КМУга экс-министр К.Садыков ректор болуп шайланган болчу. Көрсө, ал деле алкымы менен абийирин тыя албай, жердешчилик менен интриганын сазына батып калыптыр. Бул тууралуу онго чукул кызматкер 11-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, коррупция тыйылбай жатканын, иштебей туруп айлык алган кызматкерлер көбөйгөнүн, кадр тандоодо билимге эмес, тууганчылыкка артыкчылык берилип, окуу жайдын аброю түшкөнүн, билим сапаты начарлаганын айтышты. Балким, бул окуу жайдын ректорун шайлоого Ак үй кийлигишпей, ректор таза, ачык жол менен келсе, ушундай былык-чылыктар токтойт беле?

 

И.Карамушкина

 

Бийликтин парламент фракциясында ушундай “эрке талтаң” катын бар. Өзү бир кезде мектеп мугалими болуп, интеллектуалдык деңгээли ошол эле бойдон калгандыгына карабай, бирде кыргыз элинин ыйык туткан ак калпагын “мончодо кийүүчү баш кийим”,- деп шылдыңдаса, дагы бир ички бугу кайнаганда каада-салтыбызга асылып, моокуму канганча маскаралайт. Ал тургай былтыр Санкт-Петербургдагы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Кыргызстанда орустардын укугу кемсинтилип жаткандыгын балп эткирип, абийирибизди аштай төккөн шуркуялыгы бар. Өзү болсо бир кезде жалгыз башына 70тен ашык эркектин жашаган үйүн каттаткан “эрдиги” да бар. Кыскасы, кыргыз эли менен мамлекетин каалагандай кемсинтип сүйлөйт. Анткен менен Карамушкинанын мышыгын “пыш” дей албайт. Себеби таянган тоосу, ишенген адамы өтө абройлуу... Көптөн бери көрүнбөй калып кулагыбыз тынчый түштү эле, ушул жумада ал бугун дагы чыгарып, Кыргызстанда орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунушун ЖКнын 13-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, айрым өлкөлөрдө бештен мамлекеттик тил бар имиш. “Кыргызстанда эки тил, кыргыз жана орус тили мамлекеттик тил болсо эмне болот? Жумушка кирүүдө кыргыз тилин билбөө көпчүлүк үчүн чектөө болуп калды. Мага бир нече киши кайрылып, жушумка орношууга жардам берүүмдү өтүнүшкөн, бирок алар кыргыз тилин билбегендиктен жумушка алынышкан жок”,- деди Карамушкина адаттагыдай “стервалыгын” көрсөтүп. Баарынан кызыгы, анын бул пикирине бир да не депутат, не тилчилер каяша айталбай отурушат.

 

Араван

 

Бул күндөрү президенттикке талапкерлердин шайлоо өнөктүгү күч алып, жер-жерлерди кызыл, көк баннерлер ээлеп, кулак-мурун убадага толуп, кыскасы 15-октябрдан кийин  “жыргал заман” болоруна ишенбешке айлабыз калбай баратат. Бирок мамлекеттик же дин кызматкерлери кайсы бир талапкердин пайдасына үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам боюнча тыюу салынган. Бирок 12-сентябрда Араван районуна караштуу Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукурулло Файзуллаев айыл өкмөттүн жыйындар залында жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өтүп, анда талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоого үгүттөгөндүгү башка талапкерлердин нааразычылыгын жаратууда. Шукурулло аке ошол жыйында: “Ал киши динчил үй-бүлөдөн, жубайы, бала-чакасы менен ажыга барган. Бир тууган агасы араб мамлекеттеринде элчи болгон, Оштун мэри болгон. Каабага сегиз жолу кирген экен. Бир тууган иниси Асылбек Шарипович спикер болуп турганда сегиз депутаты ибадат кылганы алып барганда ошол жактын падышасы Каабаны ачып берген. Ал деле каабага кирген. Ушундай намаз окуган киши туруп, башкасын колдосок кыянатчылыкка барабар болот”,- деп бийликтин талапкеринин пайдасына үгүт жүргүзгөн. Бирок БШК бул окуя боюнча арыз же даттануу келип түшпөгөнүн, эгер мыйзам бузуу болсо чара көрүлөрүн айтып гана чектелүүдө. Ал эми “Жарандык позиция” уюмунун Оштогу өкүлү Элвира Икрамова айыл өкмөттүн аракетин шайлоо эрежесин одоно бузуу деп баалады. Демек, бийликтин административдик ресурсу ачык эле иштеп аткан экен да.

 

Паспорт

 

Кыргыз паспорту чет элдиктерге, ал тургай криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнө, ал тургай качып жүргөн кошуна мамлекеттин банкирлерине сатылып келгендиги биз үчүн кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Мисалы, былтыр Стамбул аэропортунан 80ден ашык кытайлык уйгурлар Сириягабы же Меккеге ажылыккабы бараткан учурда колго түшүп, чоң ызы-чуу жараткан болчу. Таң каларлыгы, ага паспорт берүү менен алектенген Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги же катардагы кызматкери жоопко тартылгандыгын укканыбыз жок. Демек, жоопкерчилик жок жерде башаламандык менен акча жасаган коррупция улана берет эмеспи. Ушул жумада кыргыз паспортунун кытайлык жарандарга берилип, ал тургай улуту “кыргыз” деп жазылгандыгы фотосу менен жарыяланган далилдүү факт социалдык тармактарга жарыяланды. УКМКнын башчысына кайрылган кесиптешибиз Семетей Талас уулу мындай деп каңырыгы түтөгөн: “Силерге кандай билбейм, бирок кытайларга паспорт берүү, аларга көзөмөлсүз иш орундарын берүү, аларга келечекте кен байлыктарды итбекер карматуу, кытай мектептерин ачуу КЫРГЫЗды Кытайдын астына басып берүү саясаты жүрүп атат, кытай жээндерибиз миңдеп-миңдеп төрөлүп атат. Саясатты сүйлөсөк баарыбыз кыйынбыз, бирок, улуттун келечегине коркунуч туудурган ушундай маселелерде эмнеге бир муштум болуп биригип чыга албайбыз. Же биз улутубуздун эртеңин ойлош үчүн кимдир-бирөө, кайсы бир саясатчы акча төлөп бериш керекпи?! Эмне мынча майдаландык, эмне мынча паска түштүк!!! Ушундай иш-чара, митингдерге бир ууч жигиттер барабыз же жазабыз. Сасык саясатты болсо ар бирибиз сайрайбыз!!!”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити