Түгөнбөгөн, түтөткөн чыр 

 

“Кумтөр” алтын кени дагы да болсо, Кыргызстандын эмес, башкалардын пайдасына иштей турган болду. Дайындалганына аз убакыт болгон өкмөт башчы Сапар Исаков адегендеги кадамын “Центерра Голд. инк” менен келишимди жаңыртуудан баштады. “Таза коом” курууну ниеттенген өкмөт башчы, Кыргызстандын экологиясын болушунча бузуп аткан алтын кенин иштетүүчүлөрдүн пайдасына басым жасалган келишимге кол койду.

 

Жаңы келишимдеги алгач эле көңүлдү бура турган нерсе – Кыргызстандын акциясынын азайышы. Мурда алтын кендеги 33 пайыз акция Кыргызстанга тийиштүү болсо, эми анын 26 пайызы гана калды. Мындай эмиссияны “Центерра” компаниясынын АКШдагы чыгашалуу “Томпсон-Крик” аттуу компанияны сатып алгандыгына байланыштырышты. Мамлекет алтын кенин колуна алмак тургай, кайра аны казып түгөтүп, башка өлкөгө чыгарып кетип аткандардын каалоосун аткарып, акциясынын кандайдыр бир бөлүгүнөн ажырап калды.

Баарынан кызыгы - “Центерра” азайган акцияны жардам берүү иретинде толтурмай болду. Онкология борборуна 10 миллион доллар, 50 миллион долларды  Ысык-Көлдүн жээгиндеги инфраструктураны жакшыртууга бөлүшөт экен. Андан сырткары экология үчүн мурункудай жылына 310 миң доллар эмес, 3 миллион доллар берилери айтылды. Кенди иштетүү аяктагандан кийин рекультивация үчүн фонддун акчасы да Кыргызстанга которулат. Ошондо, жыл сайын 6 млн. доллар которулушу керек.

Адистердин айтымында, дүйнөлүк базарда жыл сайын алтындын баасы асманды чапчый баштады. Учурда 1 унций алтындын баасы 1200 доллардан бир айдын ичинде эле 1340 долларга чейин өстү. Ошондо, маалыматтарга таянып, “Кумтөрдөн” быйылкы жылы 555 миң унций алтын алына турганын белгилесек, анда аны акчага которгондо 800 миллион, же 55 миллиард сомго жетет. Бир жылда алтындан бир миллиард долларга чамалаш акча тапкан канадалык компания үчүн  Кыргызстанга 69 миллион доллар которуп коюу өтө эле жеңил шарт болуп атпайбы.

 

“Кумтөргө” дооматын арткан доо-арыздар каралдыбы?

 

Аталган ишкананын өлкөнүн экономикасына келтирген зыянын кан-какшап айтып, сотко кайрылган мамлекеттик кызматтар болгон. 1996-жылдан тартып 2011-жылга чейин 16 жылда экологияны очорултканы үчүн 22 миллиард сомдон ашык каражат айып катары “Центерранын” моюнуна илиниш керектиги убагында айтылган. Мамлекеттик экотехинспекция жана Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги бул маселе боюнча сотко өткөн жылы кайрылышкан. Иш Бишкек шаардын райондор аралык сотто каралуу учурунда көп нерсе белгилүү болгон. Анын бири – “Кумтөр” ишканасы 2009-жылга чейин Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндары үчүн бир тыйын төлөбөй иштеп келгени. Мамлекеттик экотехинспекция 1996-жылдан тартып 2011-жылга чейин - 16 жылга келип чыккан зыяндын суммасын 7 миллиард сомго баалап,  сотко төрт доо-арыз жазган.

 

Бирок, “жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап”,- дегендей эле, түштөн кийин мамлекеттик кызматтардын кыбырап, экология бузулуп атканына эми акылдары жеткендей ызы-чуу салышы пайда деле алып келген жок. Акча берилгени менен талкаланган экология калыбына келиши кыйын.  

 

Премьер-министр Сапар Исаков келишимди түзгөнүн президентке маалымат катары билдирди. Президент менен өкмөт башчынын жолугушуусунда ал “өкмөт менен канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында “Кумтөр” долбоору боюнча  экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүүдө жана экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларга жетишкенин”- белгиледи.

 

Ал эми президент өз кезегинде “өзү өстүргөн баласынын” чечимин колдоорун билдирип, бул келишимге сын айтчулар “ыплас саясаттын өкүлдөрү” болоорун кыйыткансыды.

 

“Өкмөт “Кумтөр” ыплас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына натыйжалуу иштеген  чыныгы экономикалык долбоор болушуна жетишүүгө тийиш”,- деди президент.

 

Ошентип, “Кумтөрдү” улутташтыруу керек деген ураандын четине жетмек тургай, анча-мынча акчасына алданып, Кыргызстандын акцияларын чекесинен кемирте башташты. Жаңы өкмөт башчы бул жаатта “миссиясын”  жакшы аткарууда.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясы мындай келишимди “чыккынчылык” катары баалашты. Алар “Кумтөрдүн” айынан эки президент мекенинен ажыраганын да эске салышты.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: