Камчыбек Ташиев: "Ар бир кыргызстандык акыйкатсыздыкка тушукса, анын артында чындык жана адилеттик үчүн мен тикемен тик туруп берем..." 

 

Биринчи май райондук соту “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан" деп күнөөлөнүп жаткан журналист Зулпукар Сапановду төрт жылга абакка кести. Ал сот залынан камакка алынды. Зулпукар Сапановдун китеби былтыр сентябрда жарык көрүп, коомчулукта  диний агымга карата “терс ойлор бар” деп күнөөлөнгөн болчу. Бирок автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок деп, өз максаты - кыргыз улутун биримдикке чакыруу экенин айтып келген болчу.  Журналист Зулпукар Сапановдун камалышы коомчулуктун бүйүрүн кызытып, анын боштондукка чыгышын талап кылгандар сот акыйкатсыздыгына нааразычылыгы күчөөдө. Биз Сапановдун камалышы боюнча айрым адамдарга кайрылып, пикирилерин уктук.

 

Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер:

 

“Мындай тагдырды мен өз башыман өткөргөм...”

 

- Бул чечим эӊ акыйкатсыз жана эӊ сабатсыз чечим. Аныгында мен Зулпукар Сапановду жакшы тааныйм. Ал журналистикада өз көз карашы, пикири бар адам болчу. Анан да ал тажикстандык кыргыз жигити катары улуттук баалуулуктарга сугарылып өскөн жигит. Ооба, ал жазган китеп боюнча талаш-тартыш болду. Бирок ага сот тарабынан чыгарылган өкүм акылга сыйбайт. Биз дин эркиндигиндеги жана демократиялык коомду колдогон өлкөбүз деп атып мындай кордоо, чектөөлөргө жол бергенибиз туура эмес. Эӊ башкысы, сот акыйкатсыз чечим чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын жараны, дегеле адам тагдыры жапа чегип атса мен бул адилетсиздикти жөн карап тура албайм. Анткени мындай тагдырды мен өз башыман өткөргөм. Ар бир кыргызстандык акыйкатсыздыкка тушукса анын артында чындык жана адилеттик үчүн мен тикемен тик туруп берем. Сапановдун тагдырына, анын соттук ишине да эч убакта кайдыгер боло албайм. Анткени, мен ар качан эӊ биринчи адилеттик болушун талап кылып келгем.

 

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:

 

“Бул бийлик бар кезде акыйкатка суусаган адамдардын саны күн санап арбый берет”

 

- Мен кыскача эле бир ойду айткым келет. Бул бийлик бар кезде Сапановго окшогон жана акыйкатка суусаган адамдардын саны күн санап арбый берет. Ооба, анын китебиндеги айрым алешемдиктер тууралуу мен да кабардармын. Бирок ал үчүн аны коркунучтуу кылмышкердей катаал режимге кесип жибериш уят да. Ушунун өзү соттордун сабатсыздыгын жана коррупцияланган тармак экенин айтып турат.

 

Семетей Талас уулу, эркин журналист:

 

“4 жылга кесүү аша чапкандык!”

 

- Зулпукарды 4 жылга кесүү аша чапкандык, аны шарттуу эле кесиш керек болчу. Ал үчүн керек болсо митингге да чыгабыз, коллега катары колдоп. Арийне, жазган китеби үчүн эмес. Себеби, жазган китеби чынында чатак. Ката-калпыстык, негизгис гипотеза жана Исламга ачык эле асылуу бар. Аны окубай туруп эле ызылдаган болбойт. Көпчүлүк “окубасам да оюмду айтып коёюн” деген позицияда айгай салып атышат. Миллиондорду уурдаган коррупционерлер, моюнунда бир канча кишинин өлүмү бар киллерлер саясат үчүн бошотулуп атканда бул процесс нонсенс. Андан сырткары андай камагысы келсе анда "Манасты" бурмалап жазып, китептин чыгышына демөөрчү болгондорду, мектептерде “окуучу балдарга сексти эрте жаштан үйрөтөбүз”- деп эл аралык уюмдардын колдоосу менен жазылган китептерди да сотко бериш керек эле!

 

Канышай Мымыркулова, журналист:

 

“Зулпукардын китебинен канча адам өлүп кетип, канча адам чыгым тартты?”

 

- Былтыр 17 кыз-келин чыркырап күйүп кетти эле. Кыргыз бийлиги кечирим сурап койгонго жарабай, быйыл шайлоого камынды. Кырсык деп койдук. Ал кыз-келиндер Россияга “чекелери ысыганынан” барган эмес. Арасында Кыял Аллабердиева деген биздин келинибиз бар эле. Келин беш айлык баласы менен кошо күйүп кеткен. Келиндин атасы “чыркырап күйдүң бекен кызым, чырылдап күйдүң бекен кызым” деп жүрүп элүүдөн ашып, алтымышка жетпеген курагында күйүтүнөн кайтыш болуптур. Дача-СУдагы чырылдап күйгөн балдарчы? Зулпукар Сапановдун китеби ушундай жарандарына кайдыгер бийликтен дагы коркунучтуу бекен? Зулпукаардын китебинен канча адам өлүп кетип, канча адам чыгым тартты?

 

Али Токтакунов, “Азаттык” радиосунун журналисти:

 

“Чыгарма үчүн камакка алуу акылга сыябы?”

 

- Аша чаап кетпедикпи, ыя? Китеби кастыкты козутса анда чыгартпай коюп, таратпай коюп жазаласа болот го. Чыгарма үчүн камакка алуу акылга сыябы? Кримавторитеттер, педофилияга, зомбулукка айыпталгандар сот залынан бошотулуп, шарттуу кесилип, же үй камагына алынып жаткан жагдайда мындай кош стандарт сот адилеттигине, теңдигине ишеним жаратпайт.

 

Улан Турдалиев, ага окутуучу:

 

“Кыдыр Ата түшүнүгү - тээ илгерки замандан бери келе жаткан бийик түшүнүк”

 

- Ааламды таанырдын алдында өзүңдү таанып, жашоого эмне максатты аркалаганы келгениңди так аныктап алганың дурус го дейм. Дегеним, койгон максатында, баштаган ишинде кандай майнап чыгарын билбей ар жерди сүзгүлөй берген адамдар жок эмес. Ушул өңүттөн алып караганда күндүн курч темасына айланган Сапанов Зулпукар өз вазийпасын так аткарууга, адамзаттын келечектеги биригүү жолуна белин бекем бууп кадам таштаганы байкалат. "Кыдыр санжырасы" китебинде адам баласынын жарык дүйнөгө келгенден тарта бүт өмүрү бир гана Жараткандын колунда экени баса белгиленет. Бирок, адам баласы ойлонуу жөндөмдүүлүгүнө, дүйнөнү сезип-туюу өзгөчөлүгүнө, курчап турган чөйрөнү таанып-билүү түшүнүгүнө жана Жаратканды көкүрөк менен кабыл алуу ишенимине жараша ар кандай кабыл алат окшобойбу. З.Сапановдун китебинде да ар кайсы улуттун өкүлдөрү ар кандай ишенимде ар түрдүү динди кабыл алгандыгы жана жашоосунда өз чындыгына өзү тандаган дин аркылуу гана жеткендиги баяндалат. Бирок, Жаратканды ар кайсы диндегилер ар башкача кабыл алып, жыйынтыгында диндер ортосунда ажырым пайда болгондугу бутага алынган. Ушул жагдайды эске алуу менен З.Сапанов адамзаттын биригүүсүнүн өзөгүн таап, диний көз караштардагы талаш -тартыштарга, жаатташкан жаңжалдарга чекит коюуну максат кылгандыгы ачык көрүнүп турат. Китептеги эң көп басым жасалган Кыдыр Ата түшүнүгү тээ илгерки замандан бери келе жаткан бийик түшүнүк. Демек, автордун жогорудагыдай пикирлерин эске албай туруп 4 жылга эркинен ажыраткандыгы адилетсиз чечим. З.Сапановду 4 жылга кесүү менен улуттук баалуулуктарды, көөнө мурастарды көтөрүп чыккан инсандын орду кай жер экенин көрсөтүп койгондой. Анчалык эле керек болуп атса, З.Сапановду оозуңду ачып сүйлөбөй, калемиңди кармабай, пикириңди билдирбей, көчөнү аралап баспай үйүңдө жөн отур деп үй камагына кеспейт беле. Дагы бир айта турчу нерсе, лингвистикалык экспертизанын чечими жок эле жыйынтык чыгаруу адилетсиздик эмей эмне?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити