Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйынында мектептерде ата-энелерден акча алуу азая баштаганын билдирди.

 

“Билим берүү министрлиги ата- энелерден акча жыйноого тыюу салган буйрук чыгарганы таасирин тийгизди.Ватсапка маалымат келип түшөөрү менен министрлик иликтөөнү баштайт . Бирок, көбүнчө ата-энелер өздөрү айткан сөзүн танышып, эч кандай акча бербегенбиз деп калышат , - деди Мейрманова.

 

 Айтымында, ата-энелер чогулушунда канча чыгым кеткени ачык айтылышы керек. Ата-энелер өздөрү мектеп жетекчилигине акча сунуштабаш керек.