- Турсунбек мырза, БШК шайлоону таза өткөрүү үчүн “жигиттик келишимди” сунуштады. Ал жерге сиз да барыпсыз. “Жигиттик келишим” шайлоонун таза өтүшүнө  аз болсо да салым кошо алабы?

 

- Кошо алат. Эгер ошол келишимге кол койгон адамдар өздөрү берген убадаларын аткарып, шайлоодо мыйзам бузушпаса, административдик ресурсту колдонуп, бири-бирине бут тосушпаса,  “жигиттик келишим” максатына жетет. Ушул келишимди сунуштагандарды да, ошол “жигиттик келишимди” колдоп, кол койгон талапкерлерди да колдойм. Келгендердин ичинен Сооронбай Жээнбеков баш болуп, кол коюшту. Ошол эле учурда “шашып жатам” же дагы башка шылтоолорду айтып кол коюудан баш тарткандар да болду. Буларга элдин тынчтыгынан да  байлык, бийлик жогору турат окшойт. Болбосо, келип колдоого алып, шайлоону таза өткөрүп, мыйзам бузууларга жол бербейли деген демилгени колдошмок да.

 

- Сиз канча аракет кылганыңызга карабай президенттикке талапкер болуп катталбай калдыңызбы же соттошконуңуздан майнап чыктыбы?

 

- Райондук сот БШКнын пайдасына чечип, топтогон колумду жараксыз кылган БШКнын чечимин  колдоп койду. Бирок, мен адилеттик издеп, калыстык орун алсын деген таризде Жогорку сотко бердим. Алар кандай жыйынтык чыгарат билбейм. Мындан аркы аракеттерим Жогорку соттун чечимине  жараша болот.

 

- Президенттикке талапкер кылып каттабай койсо кимдир бирөөгө кошуласызбы?

 

- Кошулабыз. Башкача айтканда, КДКнын жана “Адам укугу” саясий партиясынын курултайында кандайдыр бир себептерден  шайлоого катыша албай кала турган болсом,  башка талапкерди колдоо тууралуу чечим кабыл алуу үчүн мага атайын ыйгарым укук беришкен. Мен  ушул укугумдан пайдаланып алдыдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий курсун ачык колдоо чечимин кабыл алдым. 

 

- Демек, Сооронбай Жээнбековго иштеп, анын президент болушуна салым кошот экенсиз да...

 

- Ооба. Президент колдогон талапкерди сүрөп, алдыдагы шайлоодо президент болуп шайланышы үчүн бардык күч-аракетимди жумшайын деп турам. Мен президентти колдоп эле тим болбостон, эки чоң талап менен Алмазбек Атамбаевге кайрылып жатам. Болочоктогу шайлануучу президентке жана учурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаевге өтүнүч кылып, камакта жаткан саясатчыларга кечирим берип, эркиндикке чыгаруусун жана өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдүн башын бириктирип,  сүйлөшүү аянтчасын түзүүнү суранам.

 

- Эмне эмне үчүн башка талапкерлерге караганда Атамбаевди жана ал сүрөөгө алган талапкерди колдоюн деген чечимге келдиңиз?

 

- Демократия жолунда мен укук коргоочу катары чейрек кылымдан ашык убакыттан бери Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев менен кыйын жолдорду басып чогуу келдим. Алар да менин басып өткөн татаал жолумду баалашат деп ойлойм. Аты аталган эки лидердин өлкөдөгү демократияны куруудагы зор эмгектерин белгилебей кое албайбыз. Экөө тең өтө татаал жолдорду басып, өлкөдөгү эң алгачкы партияларды түзүп, президент жана депутат болушуп, элдин ишенимине татыды. Бирок, эки лидердин ортосунда болгон өз ара чатак мени эле эмес, коомчулукту да бушайманга салды.

 

Мен укук коргоочу жана Баткендеги боевиктер менен армиянын ортосуна түшкөн элдик дипломат катары эки лидердин ортосуна түшүп, элдештирүүгө көп аракет кылдым.  Бирок  эки лидер элдеше алышпай, эки жолго түштү. Текебаев камалып, президенттик шайлоого катыша албай калды. Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп жаткандыктан өзүнүн талапкерин партиясы аркылуу көрсөтүп,  мыйзамды сыйлап, кызматын өткөрүп берип жатат. Ошондуктан кээ бир позицияларым Атамбаев менен туура келбесе дагы, андан башка көрүнүктүү жана ишенимдүү улуттук деңгээлдеги  лидер болбогондуктан, Атамбаев президентикке көрсөткөн талапкерди колдоюн деген чечим кабыл алдым. Анткени, президент Атамбаев президент болгон 6 жылдын аралыгында улут үчүн көп мактоого татыган иштердин башында туруп, өлкөдө бейпилдикти сактап, башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, мамлекетибиздин  көптөгөн экономикалык муктаждыктарын чечип, башка президенттерге салыштырмалуу ак жолтой ажо боло алды.

 

- “Эптеп эле кызматка жетейин”- деген саясат менен президент сунуштаган талапкерди колдоого аргасыз болгон жоксузбу?

 

- Мен бул нерсени кызмат үчүн эмес, элдин тынчтыгы үчүн жасап жатам. Анткени, мен азыр да өзүмө тиешелүү адам укугу жаатында иштер менен алек болгон тиешелүү кызматым бар. Мага кызматтын кереги жок. Ошон үчүн өзүм туура деп эсептеген жолду тандадым. Эгер кызмат үчүн жанталашсам, алдын-ала Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшмөкмүн. Алар менен кызмат соодалашып, өзүм үчүн пайда издебегенимден, аны колдойм деген аракетимди  билишпейт.  

Мен бул нерсени өзүмдүн кызыкчылыгымдан, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгонум үчүн жасап жатам. Талапкер болуп катталбасам дагы Кыргызстанда бейпилдик болуп Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен президенттик шайлоону тынч өткөрүп, таза шайлоо өткөрүүнүн регион боюнча үлгүсүн көрсөтөлү деген ниетте жасап жатам.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити